КРда инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралардын планы презентацияланды

Новости
27-Июль 2015-ж.
2143
""""2015-жылдын 23-июлунда КР Экономика министрлигинин коллегиясынын жыйынынын жүрүшүндө министрдин орун басары Кылычбек Джакыпов КРда инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралардын планын презентация кылды.

Вице-премьер министр Валерий Дилдин Россия Федерациясына 2014-жылдын 19-июнундагы расмий иш-сапарынын жүрүшүндө КР Өкмөтү менен «РОСНАНО» ААК жана Инфратүзүмдүк жана билим берүү программалар фондунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында, ушул меморандумдун алкагында КР Өкмөт Аппаратынын, КР кызыкдар мамлекеттик органдарынын жана «РОСНАНО» ААК тобуна кирген Инфратүзүмдүк жана билим берүү программалар фондунун, ошондой эле ар түрдүү кыргыз ишканаларынын катышуусу менен жолугушуулар жүргүзүлгөн.
Натыйжада РФ менен КР уюмдарынын жана ишканаларынын ортосунда илимий-техникалык, маалыматтык жана ишкер кызматташууну кеңейтүү боюнча келишимдер жетишилген.

Министрдин орун басары К.Джакыпов маалымдагандай, учурдагы жылдын март айында республиканын аймагында «Сигма Новосибирск» ООО нано-технологиялык борбордун катышуусу менен биринчи инновациялык инфратүзүмдүк компания- «Борбордук Азияда инновацияларды киргизүү борбору» ЖЧК түзүлгөн..

Ошондой эле министрдин орун басары негизги багыттарды белгилеп кетти:
- нано-технологиялык продукцияны киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу;
- стационардык лабораторияларды жабдуу: ветеринардык, фитосанитардык, тамак-аш продукциясынын сапатын контролдоо;
- инновациялык өндүрүштөрдү жайгаштыруу жана мобилдик лабораторияларды киргизүү;
- билим берүү программаларын ишке ашыруу;
- RFID-технологияларын киргизүү (радиожыштыктык идентификация) малдарды чиптөө үчүн, - малдарды багуу, союу жана даяр тамак-аш продукциясынын толук циклин байкоого алуу;
- нано-продукцияларын колдонууну ченемдик-техникалык камсыздоо
- нано-технологияларын популярдаштыруу

Натыйжада, коллегиянын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан планды макул табуу жана КР тийиштүү министрликтери жана ведомстволорунун аткаруусу үчүн Өкмөт Аппаратына кайрылуу чечими бир добуштан кабыл алынды.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу