КАБ ББга КРдин кошулуусу боюнча «жол картасынын» иш-чаралар планын ишке ашырууну улантат

Новости
26-Июль 2015-ж.
1988
""""Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору Жаныбек Чапаев КР вице-премьер-министри В. Дильдин, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2015-жылдын 23-июлундагы КР Экономика министрлигинин Коллегиясынын жыйынында билдирди.

Ж.Чапаевдин сөздөрү боюнча КР сыноо лабораторияларын сертификатташтыруу боюнча аккредитацияланган органдарды талдоо жана Бажы биримдигинин Бирдиктүү реестрине киргизүү боюнча ишти тездетүү максатында КАБ тарабынан Бажы биримдигинин талаптарына жана ага мүчө- өлкөлөрдүн документтери менен эриш-аркак келтирилген, төмөнкүдөй документтер иштелип чыкты жана бекитилди: КАБ- ПА2ББ «сертификатташтыруу боюнча органдар жана сыноо лабораториялары, алардын эксперттери менен ББ Бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн материалдарды берүү» жана КАБ-ПА12 «Сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдарды жана сыноо лабораторияларын ББ Бирдиктүү реестрине киргизүү жөнүндө жобо»,

2014-жыл жана 2015-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн КАБ иши жөнүндө отчётту угуп, Коллегия Бажы биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулуусун эске алуу менен маалыматка алды жана анын ишин канааттандыраарлык деп тааныды.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу