Экономика министрлиги «КРгы индустриялык парктар жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун сунуштады

Новости
23-Июль 2015-ж.
2099
2015-жылдын 22-июлунда Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан «КРгы индустриялык парктар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча вице-премьер-министр Валерий Дильдин катышуусу менен кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай курманова, Стартегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Нурадил Байдолетов жана өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышышты.

Бул мыйзам долбоору атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгаруучу заманбап жогорку технологиялык өндүрүштөр үчүн шарттарды түзүүгө жана өндүрүштүк обьекттерди жайгаштырууга даярдалган заманбап аянтчаларга инвесторлордун сурамын канааттандырууга багытталган.

«Индустриялык паркты түзүүнүн максаты экономикалык өнүгүүнү камсыздоо жана аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, инвестициялык ишмердикти активациялоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, заманбап өндүрүштүк жана рыноктук инфратүзүмдү өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле, негизги милдеттер болуп эл аралык стандарттарга жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгаруучу заманбап жогорку технологиялуу илимге сыйымдуу өндүрүштөрдү түзүү; сырьёну кайра иштетүү даражасын тереңдетүүнүн жана продукцияны бөлүштүрүүнүн стадияларын көбөйтүүнүн эсебинен импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өнөр жай продукциясынын жаңы түрлөрүн түзүү; өнөр жайда эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат»- деп, белгилеп кетти КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоорун мындан ары жылдыруу боюнча ишти баштоо мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу