. Экспортту өнүктүрүүнүн ишке ашырылышын башкаруу үчүн инструмент

Новости
21-Июль 2015-ж.
1998
2015-жылдын 14-июлунан 16-июлуна чейин Бишкекте Швейцария Өкмөтү тарабынан каржылануучу, Эл аралык Соода Борборунун (ITC) «Кыргыз Республикасында сооданы илгерилетүү» Программасынын 4-фазасынын алкагында стратегияларды иштеп чыгуу боюнча (ITC) эл аралык консультантынын Чарльз Робергенин миссиясы болуп өттү. Консультант 2015-2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Планын (ЭӨП) ишке ашырууну башкаруу маселелери боюнча семинарды өткөрдү.


ЭӨП ишке ашырылышын башкарууда негизги координациялоочу роль КРӨгө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңешке жүктөлгөн. Экономика министрлиги жумушчу органдын функцияларын аткарат. Экономика министрлигинин алдында бизнестин өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен ЭӨП ишке ашырылышын мониторингдөө, баалоо жана координациялоо боюнча Катчылык түзүлгөн.

Ч.Роберге семинардын катышуучуларына ЭӨП ишке ашыруу процессинин негизги аспекттерин башкаруу үчүн атайын иштелип чыккан маалыматтык системаны- көп функциялуу веб-инструментти сунуштады: аткаруу прогрессин мониторингдөө, ишке ашырууга катышкан кызыкдар тараптардын ишин координациялоо; ресурстарды мобилизациялоо; маалыматтык-аналитикалык отчётторду даярдоо.

Бул система уруксат берилген колдонуучуларга веб-интерфейс аркылуу системага маалыматты киргизүүгө; ЭӨП ишке ашыруу прогресси жөнүндө учурдагы жана адаптацияланган маалыматты алуу үчүн адистештирилген фильтрларды түзүү; Планды ишке ашырууда боштуктарды аныктоо жана оңдоочу чараларды көрүү; отчётторду түзүү жана коммуникациялык материалдарды даярдоо.

Инструменттин функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана кемчиликтерди издеп табуу үчүн семинардын катышуучулары практикада системанын ишин сынап көрүштү: он-лайн режиминде маалыматтарды киргизишти, алдын-ала отчётторду алышты, долбоорлордун карталары менен иштешти. Экономика министрлигинин өкүлү Мээрим Момунжанова айткандай, бул инструмент ЭӨП ишке ашырылышын мониторингдөө жагында министрликтин ишин жеңилдетет. Мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар отчёттуулукту ушул система аркылуу бере алышат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу