Региондордо туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоо

Новости
20-Июль 2015-ж.
2096
2015-жылдын 20-22-июлунда Ош шаарында ПРООН-ЮНЕП «Жакырчылык жана курчап турган чөйрө» долбоорунун колдоосунда КР Экономика министрлиги тарабынан уюшулган «Региондук деңгээлде туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоо» темасындагы региондор аралык тегерек стол жана семинар КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын жана министрдин кеңешчиси Любовь Тендин катышуусунда өтүүдө.

""Бул иш-чаралар региондук стратегияларды жана туруктуу өнүгүү программаларын иштеп чыгууда башкаруунун региондук органдарына колдоо көрсөтүү жана дараметин жогорулатуу боюнча 2017-жылга чейин КР туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу алкагында Экономика министрлигинин ишинин уландысы болуп саналат.
Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоо боюнча методология, стратегиялык пландоонун негиздерине мамлекеттик стратегиялык документтердин шайкештигин баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методология, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоо боюнча колдонмо иштелип чыкты.

Буга байланыштуу, туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоонун бекитилген ыкмаларына жана методологиясына ылайык келтирип, туруктуу өнүгүүнү учурдагы региондук программаларына интентаризация жүргүзүлүүдө.

Статс-катчы Айдай Курманова белгилеп кеткендей, 2013-2014-жж. министрлик Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарын туруктуу өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууга эксперттик коштоону жана колдоо көрсөткөн. 2015-жылы ушундай иш Баткен жана Жалал-Абад облустары үчүн, Ош облусунун жана Ош шаарынын тийешелүү адистерин окутуу пландаштырылган.

Министрликтердин, ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн, облустук, райондук администрациялардын, айылдык округдардын жетекчилери жана кызматкерлери, жарандык коомчулуктун, ЖОЖдун, Баткен, Жалал-""Абад, Ош облусунун ЖМК өкүлдөрү тегерек столдо 2015-жылдан кийин туруктуу өнүгүүнүн глобалдык демилгелерине адаптациялоону эске алуу менен ТӨУС ишке ашыруу контекстинде туруктуу өнүгүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу