Коррупцияга каршы мамлекет менен бизнестин ортосунда биринчи диалог болуп өттү

Новости
02-Август 2015-ж.
2139
""""2015-жылдын 29-июлунда КР Экономика министрлигинде бизнести жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жок кылуу жана системалуу коррупцияга каршы турууда аракеттерди бириктирүү максаты менен мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктардын ортосунда Коррупцияга каршы форумдун биринчи отуруму болуп өттү.

Отурумда мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулуктар үчүн Коррупцияга каршы форум жөнүндө жобонун долбоору, Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсы жана КР Соода өнөр жай палатасы тарабынан даярдалган мамлекеттик органдардын бизнес менен өз ара аракеттенүүдө коррупция боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары каралды.

Коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө изилдөөлөрдүн сунушталган жыйынтыктарына ыдайык бюджет расмий эмес жыйымдар түрүндө чоң суммаларды жоготууда.

Дискуссиялардын жүрүшүндө форумдун катышуучулары коррупциялык көрүнүштөрдө маморгандар менен бизнестин эки жактын бирдей жоопкерчилигин таанышты. Жалпысынан, бизнестин өкүлдөрү коррупцияга каршы диалогдук аянтчаны түзүү боюнча демилгени колдоого алышты жана ошондой эле форумдун натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп кетишти.

Форумдун кийинки отуруму учурдагы жылдын күз айларына пландаштырылган, анда мындан аркы иштин планын бекитүү пландалууда.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу