КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор

Новости
14-Июль 2015-ж.
2239
2015-жылдын 9-февралында КР Экономика министрлигинин буйругу менен тараптардын макулдугу боюнча эмгек келишимин түзүүдө эмгек ишин жүзөгө ашыруу жана токтотуу тартибин регламенттөөчү жоболорду жөнөкөйлөтүү жагында «КР Эмгек кодексине (ЭМ) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Бул жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктардын: Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Социалдык өнүгүү министрлигинин, Профсоюздар федерациясынын, Ишкерлер союзунун, Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын, Жеткирүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун ассоциациясынын, Бишкек ишкер клубунун, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча, Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институтунун жана Эл аралык кызматташуу боюнча германиялык коомдун (GIZ) колдоосунда, «КР ЭС өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип чыккан.

КР ЭК киргизилүүчү ченемдер КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы токтому менен бекитилген, 2015-2017-жж. КР жеке секторду өнүктүрүү боюнча Иш-чаралардын планынын «Эмгек мыйзамдарын реформалоо» бөлүмүндө камтылган.

Иштелип чыккан мыйзам долбоору төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырат:
- Иш берүүчүлөр менен жумушчулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыздоо,
- иштердин бардык түрлөрүнө мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүүгө уруксат берүү,
- мөөнөттөн ашыкча жумушка,
- бошоо жөлөкпулуна акыны кыскартуу,
- иштен бошотууну жумушчулардын профсоюзу же ассоциациялары менен макулдашуу милдеттенмесин жокко чыгаруу,
- ишке алуудан баш тартууда негиздемени берүү боюнча талап жокко чыгаруу.

Учурдагы 18-июнунда Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Өкмөттүн www.gov.kg. сайтында «ЧУА коомду талкуулоо» бөлүмүндө коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган.

Коомдук талкулоонун жыйынтыгы боюнча профсоюздук уюмдар ушул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы чыгышты.

Буга байланыштуу учурдагы жылдын 8-июлунда КР Экономика министри Олег Панкратовдун профсоюздук уюмдардын алдыңкы өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү, анын жыйынтыгы боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу максаты менен кызыкдар профсоюздук убмдардын өкүлдөрүн милдеттүү тартуу менен иштеп жаткан жумушчу топ менен жыйынды өткөрүү тапшырмасы берилди.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу