Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-польша өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгы

Новости
13-Июль 2015-ж.
2065
""2015-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын, Польша Республикасынын Экономика министринин орун басары АнджейДыханын, эксперттердин катышуу менен экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-польша өкмөттөр аралык комиссиянын 4-чү жыйынынын алкагында Тараптар эки тараптуу кызматташуунун айрыкча актуалдуу маселелери иштелип чыкты.

Тараптар белгилеп кеткендей, комиссиянын 3-чү жыйынынан кийинки мезгилде Польшага кыргыз экспортунун акырындык менен өсүшү байкалды, ошол эле убакытта Кыргызстанга польшалык экспорттун өсүү темпи басаңдаган. .

Маалымат жана чет элдик инвестициялар польшалык агенттик (PAIiIZ)
өзүнүн кыргыз өнөктөшү (Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик) менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдарлыгын ырастады, мында 2015-жылдын август айынын аягында WAIPA окутуу визитинин алкагында Кыргызстандын өкүлдөрүн кабыл алуу пландалууда.

Тараптар 2015-жылдын 1-октябрына чейин 1998-жылдын 19-ноябрында Варшава шаарында кол коюлган, КР Өкмөтү менен ПР Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше жана капиталга ""салыкты төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколду макулдашууга жана кол коюуга байланыштуу ишти аяктоону макулдашышты.

Польшанын Элдик банкы (ПЭБ) КР Улуттук банкы менен ПЭБ техникалык жардамынын артыкчылыктуу бенефицианты катары өлкөнүн эл аралык резервдерин башкаруу жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча узак мөөнөттүү кызматташууну пландашууда.

Мал чарбачылык жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүдө кыргыз тарабынан кызыкчылыгына байланыштуу, польшалык тарап мүйүздүү малды багууну уюштуруу, генетикалык маркерлерди колдонуу, жасалма уруктандыруу жана эмбриондорду которуу, керектөө баалуулуктарын баалоо жаатында мал багуучу -фермерлерди консультациялоо маселелери боюнча курстарды уюштуруу жана тажрыйбаны алмашуу мүмкүндүгүн караштырат.

«PKP LHS sp. z o. о.» Польша темир жол компаниясы кыргыз эксперттерин №65 линиясынын дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү менен, ошондой эле Славкув евротерминалы (EuroterminałSławkówSp. z o.o.)менен таанышуу максаты менен чакырды.

Тараптар туризм жаатында кызматташуунун активдешүүсүн, тактап айтканда Ысык-Көл көлүндө суу туризминин түрлөрүн жана спорттун суу түрлөрүн өнүктүрүүнү, яхтсмендер үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүүнү белгилешти (марина жана матростор мектеби)

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана ПР Администрациялоо жана сапариптештирүү министрлиги Кыргызстанды жер үстүндө берүүнүн түйүнүн санариптештирүү жаатында кызматташууну сүйлөшүштү.

Польша тарабы кыргыз тарабын:
-чакан жана орто ишканалардын VЕвропалык конгрессине (Катовице, 2015-жылдын 12-14-октябры)
-тоо кен ишинин, энегретикалык жана металлургиялык өнөр жайдын «Катовице» эл аралык көргөзмөсүнө (Катовице, 2015-жылдын 8-11 сентябры)
- КрыницаГурска шаарындагы экономикалык форумга (Крыница, 2015-жылдын 8-10 сентябры) катышууга чакырды.















Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу