Тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү боюнча тренингдер

Новости
13-Июль 2015-ж.
2040
2015-жылдын 21-июлунан 30-июлуна чейин КР Экономика министрлиги «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» Долбоорунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентти менен өлкөнүн тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү стратегиясына ылайык кеңири масштабдуу маалыматтык- түшүндүрүү кампаниясын баштайт. Маалыматтык компанияны уюштуруучулук колдоо «Жер казынасы» коомдук фонду тарабынан көрсөтүлөт.

Республика боюнча облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, журналисттер, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн жерлер баруу менен 8 семинар өткөрүлөт.

Дискуссия жолу менен маалыматтык кампания жергиликтүү калк тарабынан каршылыктарды азайьтууну болжолдоодо, анткени тургундар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын өздөрүнөн анык маалыматты алышат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу