Кош салык салуудан качуу тууралуу Туркменистан менен сүйлөшүүлөр

Новости
15-Июль 2015-ж.
2193
""2015-жылдын 13-июлунан 17-июлуна чейин КР Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркменистан Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыкты төлөөдөн баш тартууну болтурбоо тууралуу Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү биринчи раунду өтүүдө.

Тараптар Макулдашуунун долбоорунун бардык статьялары боюнча толук макулукка келишти. Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруудан кийин бул долбоор кол коюуга даяр болот.

Азыркы учурда кирешелердин жана капиталдын белгилүү түрлөрүнө салык салуу укугун мамлекеттин ар бирине бекитүү жолу менен өнөктөш-өлкөлөрдүн ортосунда салыктык өз ара мамилелерди жөнгө салуу боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлүктүн мамлекеттери менен эки тараптуу келишимдикти белгилөө боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Өлкөлөрдүн ортосундагы мындай өз ара мамилелердин негизги максаты ар түрдүү өлкөлөрдү бир эле салыктар менен чарбакер субъекттердин кирешелерине жана капиталына кош салык салууну жокко чыгаруу болуп саналат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу