Мал союу цехтерин инвентаризация уланууда

Новости
13-Июль 2015-ж.
2132
""2015-жылдын 8-9-июлунда Чүй облусунун Сокулук, Москва жана Жайыл райондорунда Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан малдарды союу процесси жүзөгө ашырылып жаткан мал союу цехтерин жана аянтчаларын күтүү абалы боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптары түшүндүрүлдү.

Ведомстволор аралык жумушчу топ малды союу процесси, калдыктарды сактоо жана жо кылуу, халал-продукцияны сактоо, бар болгон цехтерге жана эт комбинаттарына инвентаризация жүргүзүү, алардын ветеринардык- санитардык талаптарга шайкештиги, мал союучу цехтин реестри жана чарбакер обьекттин таандыгы (мамлекеттик, муниципалдык, жеке) маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин улантууда
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу