КР Экономика министрлиги жана Индия Стандарттар Бюросу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Новости
13-Июль 2015-ж.
2171
""2015-жылдын 12-июлунда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий иш-сапарынын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ке6ңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин эки тараптуу кыргыз-индия макулдашууларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору) жана Индия Стандарттар Бюросу (BIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга КР Экономика министри Олег Панкратов жана Индия Республикасынын Кыргыз республикасында Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жайант Н. Кхобрагаде кол коюшту.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу