2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимге КР кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо

Новости
09-Июль 2015-ж.
2086
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө (ЕАЭБ) Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишимдин 11-беренесине ылайык, Келишим Тараптардын ратификация боюнча ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарышы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломаттык каналдар боюнча депозитарийдин алган күнүнөн тартып күчүнө кирет.
Депозитарий болуп Евразия экономикалык комиссия саналат.

Кыргызстан 2015-жылдын 21-майында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимге КРдин кошулуусу жөнүндө Келишимди ратификациялаган («2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимге КРдин кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө» 2015-жылдын 21-майындагы Мыйзам).

2015-жылдын 16-июнунда Армения Республикасынын Парламенти ЕАЭБге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Келишимди ратификациялады.

Беларуссиянын Улуттук жыйынынын Республиканын Кеңеши ЕАЭБге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Келишимди ратификациялады. Чечим 2015-жылдын 30-июнунда Беларуссиянын Парламентинин Жогорку палатасынын акыркы жыйынында кабыл алынды.

2015-жылдын 1-июлунда Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасы жана Казакстан Парламентинин төмөнкү палатасынын Мажилисинин депутаттары ЕАЭБге Кыргызстандын кошулуусун жактырышты жана Парламенттин жогорку палатасына жөнөтүштү.

8-июлда РФ Федерациясынын кеңеши ЕАЭБге КРдин кошулуусу жөнүндө Келишимди ратификациялады.

Казакстандын Парламентинин жогорку палатасы 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишимди ратификациялады.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу