«Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк- Фаза II» долбоорун ишке ашыруу

Новости
09-Июль 2015-ж.
2050
""2015-жылдын 8-июлунда КР Экономика министрлигинде Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) «Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк- Фаза II» долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоо кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев белгилеп кеткендей, БА атаандаштык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү ЕАЭБге КРдин кошулуусунун алдында айрыкча маанилүү жана калктын жумуштуулугун камсыз кылуу жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Ошондой эле долбоордун үч багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан иш жөнүндө кабарлады:
-беримдердин чынжырчасын каржылоону жакшыртуу: айыл чарбасында кампа тил каттары боюнча каржылоо системасын апробациялоо;
-мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүү жолу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатуу: АӨК менен жумуш орундарында окутуу программалары;
-глобалдык өндүрүштүк-сатуу чынжырчасынын мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен өлкөнүн тигүү өнөр жайын өнүктүрүү

Жогоруда белгиленген биринчи эки пункттар боюнча ЧУА долбоорлору иштелип чыгууда:
«Кампа тил каты жөнүндө» мыйзам долбоору; «КР колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору

Үчүнчү багыт боюнча КР Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору Алмаз Сазбаков сүйлөдү. Өлкөнүн текстиль-тигүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн түрк, кытай жана кореялык компанияларды өндүрүштүк процессти вертикалдуу интеграциялоо максаты менен тартуу керек. Азыркы учурда чет элдик компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө, жасалма мехтен жасалган буюмдарды өндүрүү боюнча фабриканын курулушу жөнүндө маселе иштелип чыгууда- деп, белгилеп кетти Агенттиктин башчысы.

Долбоордун үч багыты боюнча иштин планы сунушталган «Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк- Фаза II» презентациясы Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун өкүлү Грегори Лекомтом тарабынан сунушталды.

Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун программасы эки региондо: Борбордук Азияда жана Чыгыш Европада, Закавказьеде туруктуу экономикалык өсүштү жана жумуштуулукту камсыз кылуу үчүн экономикалык реформаларды жүргүзүүнү жана ишкер климатын жакшыртууну тездетүү максаты менен 2008-жылы ишке киргизилген.

«Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк» долбоорунун экинчи фазасы Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму жана Европа союзунун финансылык колдоосунда Эл аралык кызматташуу боюнча немец коому (GIZ) тарабынан жүзөгө ашырылууда.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу