Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссия.

Новости
01-Июль 2015-ж.
2008

""2015-жылдын 1-июлунда КР Экономика министри Олег Панкратов КЭР КРдеги Элчилигинин алдындагы Соода-экономикалык маселелер боюнча канцеляриясынын кеңешчиси Сунь Хэ менен жолугушту.

Бул жолугушунун алкагында 2015-жылдын 23-сентябрында КЭР Сиань шаарында өтөт турган тышкы экономикалык иш жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчө-мамлекеттердин министрлеринин кеңешмесин өткөрүү маселеси каралды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен ЕАЭБ жана «Улуу Жибек жолу» долбоорунун алкагында кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларды карап чыгышты.

Кытай тарабы Кытай Эл Республикасынын техникалык-экономикалык жардамы жөнүндө макулдашуунун базасында пландаштырылуучу жана ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча белгиленген тартипте иштеп жаткандыгын ишендирип кетти жана талаптар ишке ашыруучу биргелешкен долбоорлор жөнүндө маалыматтар банкын түзүүнүн сунуш кылды.

О.Панкратов өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү ишенимин билдирди.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу