“Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө” КРӨнүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Новости
12-Январь 2015-ж.
2227

Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Экономика министрлигинин алдында Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо концепциясынын долбоорун жана КРӨ алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгып, төмөндөгү багыттарга көңүлүн буруп, Өкмөттүн кароосуна киргизүү милдети коюлган:

мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча натыйжалуу органды түзүү;

мамлекеттик компанияларда корпоративдик башкаруунун таанылган эл аралык принциптерин киргизүү;

мамлекеттик компанияларда профессионалдуу менеджерлерди жана сапаттуу кадрлар резервин түзүү;

дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен заманбап усулдардын негизинде мамлекеттик компаниялардын кызматтык адамдарынын умтулуусуна жаңы амалдар;

мамлекеттик компанияларга заманбап ички көзөмөлдөө усулдарын киргизүү жана тышкы көз карандысыз аудиттин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

кээ бир мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун башкаруу моделин мамлекеттин катышуу мүмкүнчүлүгү 100% боло тургандай кылып өзгөртүү.

Жогоруда айтылган маселелер боюнча кеңейтилген талкууларды өткөрүү максатында мамлекеттик менчикти башкаруу системасын реформалоо боюнча комплекстик сунуштарды иштеп чыгууга Экономика министрлигинде ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү, анын курамы 2014-жылдын 11-сентябрында КРӨ буйругу менен бекитилди.

Корпоративдик башкаруу тармагындагы эксперттер менен биргеликте ЭМ жумушчу тобунун талкулоолорунун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу системсын реформалоо концепсиясынын долбоору иштелип чыкты, анын негизги учурлары КРӨ алдындагы ММБФ менен макулдашылды.

Бул Концепциянын долбоору КР Вице-премьер-министринин кеңешмесинде көрсөтүлүп жана каралды, документтин жыйынтыктоочу варианты мамлекеттин Премьер-министри менен жактырылды.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо концепциясынын долбоорун бекитүү үчүн КРӨ токтом долбоору даярдалган, ал бекитилген тартипте макулдашууга жөнөтүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу