Министр Т.Сариев: мамлекетте 2015-жыл улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп өз убагында жарыяланды.

Новости
07-Январь 2015-ж.
2294
Бүгүн үстүбүздөгү жылдын 8-январында КР Экономика министри Темир Сариев Кыргыз Респбуликасынын Президенти А. Атамбаевдин 2015-жыл улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоосу жөнүндөгү” буйрукту талкуулоо боюнча министрликтин статс-катчысы, министрдин орун басарлары, башкарманын начальниктери катышкан ыкчамдуу кеңешме өткөрдү.

Министр бул кеңешмеде жүргүзүлүп жаткан реформаларга, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, таасирин тийгизген негизги тышкы, ички факторлорду белгиледи алардын негизинде экономикада азыркы нагыз жагдай түзүлөт жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана өнүгүүнүн оң өсүү көрсөткүчүн кармап туруу үчүн КР Өкмөтү тарабынан кылынып жаткан иш – аракетттерди айтып өттү.

Азыркы убакта, негизги соода өнөктөштөр болгон мамлекеттерде жайлап калган экономиканын өсүшүнүн жыйынтыгында региондо болуп жаткан геосаясаттык жана геоэкономикалык кыйынчылыктардын шартында мамлекетте 2015-жыл улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп өз убагында жарыялангандыгын баса белгиледи. Бул түзүлгөн шарттарда кыргызстандыктар үчүн экономика түзүүчү тармактарды: энергетика, тоо кен казуу, тамак-ашты кайра өндүрүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана жумуш орундарын түзүү, адамдардын жетиштүүлүк деңгээлин жогорулатуу жана ошондой эле бизнестин жана мамлекеттин өз ара мамилелеринде тунук жана түшүнүктүү эрежесин аныктоо, толук масштабдуу социалдык программаларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча максаттуу багытта өнүктүрүү маселеси биринчи орунга чыгат.

Көрсөтүлгөн багыттарды ишке ашыруу максатында Экономика министри министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнө министрликтердин, административдик ведомстволордун, аймактардагы Өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнүн, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кеңири катышуусу менен конкреттүү мөөнөттөрүн жана аткаруучуларын көрсөтүү менен 2015-жылга улуттук экономиканы чыңдоо боюнча иш-чаралар планын оперативдүү түрдө иштеп чыгып өлкөнүн Өкмөт Аппаратына киргизүүнү тапшырды. Ошону менен бирге сунушталган иш чаранын натыйжалуулугун баса белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу