ЖК Комитети тарабынан КР, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын ортосунда кош салык төлөөнү болтурбоо жөнүндө келишимдин долбоору жактырылды.

Новости
25-Январь 2015-ж.
2144
Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Өкмөттөрүнүн ортосунда кош салык төлөөнү болтурбоо жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө болгон салыктарга карата салыктарды төлөөдөн баш тартууну жоюу жөнүндө келишимдин долбоору жактырылды.

Министрдин орун басары А. Касымалиев белгилегендей азыркы убакта Кыргыз Республикасы жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен кирешелердин жана капиталдын кандайдыр бир түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда салыктык өз ара мамилелерди жөнгө салууга багытталган эки тараптуу макулдашууларды түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Өлкөлөрдүн ортосундагы мындай өз ара мамилелердин негизги максаты болуп ар кандай өлкөдө ошол эле салык менен чарба субьекттердин кирешелерине жана капиталдарына кош салык салууну четтетүү саналат, буга кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу жетишүүгө болот.

Мындан тышкары, бул макулдашуулардын негизги милдеттери болуп, бир мамлекеттин резидентин макулдашуучу экинчи мамлекет кысымга ала турган салыктан коргоо, салыктан четтеп кетүүлөрдү же макулдашуулардын жоболорун кыянаттык менен пайдаланууларды болтурбоо жана макулдашуулардын жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алышуу болуп саналат.

Белгилей кетчү нерсе, кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралат, анткени чет өлкөлүк фирмалар салыктарды кандайдыр бир гана өлкөгө төлөй турганын билип, инвестициялоого мүмкүндүк берет.

Ошол себептүү чет өлкөлүк инвестициялар келе турган потенциалдуу мамлекеттер менен мындай макулдашууларды түзүү Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылык болууга тийиш.

Республиканын экономикасын өнүктүрүүгө инвестицияларды салуу максатында дүйнөлүк ири өндүрүүчүлөрдү тартуу жана көп сандагы биргелешкен чет өлкөлүк ишканаларды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо, кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө болгон салыктарга карата салыктарды төлөөдөн баш тартууну болтурбоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоору даярдалды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу