Бишкек ш. автомобилдик жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча КР Экономика министрлиги жана КЭР Комерция министрлигинин ортосундагы меморандумду ишке ашыруу тууралуу келишимге кол коюулду.

Новости
17-Декабрь 2014-ж.
2051
2014-жылдын 17-декабрында КР Экономика министрлигинде КЭР төр агасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кыргызстандын Президенти А.Атамбаевдин мамлекеттик иш-сапарынын жүрүшүндө 2014-жыдын 18-майында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын кайтарымсыз жардамынын эсебинен Бишкек шаарынын автомобилдик жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу алкагында КР Экономика министрлигинин жана КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы Меморандумду ишке ашыруу боюнча КР Экономика министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы Келишимге экономика министринин орун басары Кылычбек Джакыпов жана борбордун мэри Кубанычбек Кулматов кол коюшту.

Келишимдерди бекитүү жана жогоруда белгиленген Меморандумду ишке ашыруу максатында 2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында КР Бишкек шаарынын автомобилдик жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө КР Өкмөтүнүн жана КЭР Өкмөтүнүн ортосунда Протоколго кол коюлган.

Бул Протоколго ылайык КЭР Өкмөтүнүн технико-экономикалык кайтарымсыз жардамынын эсебинен жалпы аралыгы 7,44 км түзгөн М. Ганди көчөсүн (Жибек-Жол проспектисинен Маевка айылына чейинки жол тилкеси), М. Ауэзов көчөсүн (Анкара көчөсүнөн У.Салиева көчөсүнө чейинки жол тилкеси), Ж.Пудовкин көчөсүн (А.Токомбаев көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки жол тилкеси) реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында КР Бишкек шаарынын автомобилдик жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө КР Өкмөтүнүн жана КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы Протоколду ратификациялоо тууралуу КР мыйзамынын долбоору 2014-жылдын 18-ноябрындагы №653 КР Өкмөтүнүн токтому менен жактырылып, ЖК тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында үчүнчү окууда кабыл алынды.

Бул долбоорду ишке ашырууда реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча курулуш иштерин көзөмөлдөө КР стандарттарына жана ченемдерине ылайык кыргыз тарап менен жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу