Министр Т.Сариев Экономикалык кызматташтык уюмунун серепчилери (ЭКӨУ) менен жолугушту.

Новости
18-Январь 2015-ж.
2138
Министр Т.Сариев 2015-жылдын 19-январында Инесе Куске айым баштаган Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) мониторинг тобунун серепчилери менен жолугушту, алар Кыргыз Республикасы тарабынан Коррупция менен күрөшүү боюнча Стамбул планынын аткарылыш мониторингинин үчүнчү раундун жүргүзүү үчүн иш сапар менен келишти.

Министр жолугушуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы туруу чөйрөсүндө КР Экономика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жана азыркы жагдай тууралуу маалымдап өттү. Коррупцияга каршы туруу, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышын баалоо жана башкаруу, коррупцияга каршы чараларды мониторингдөө жана баалоо, коррупциялык коркунучтарды жана көрүнүштөрдү ачуу ж.б. укуктук механизмдерин унификациялоо боюнча түзүлүп жаткан укуктук жана институционалдык өбөлгөлөр да айтылды.

Мындан тышкары коррупцияга каршы туруу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иш чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ар бир мамлекеттик органда атайын коррупцияга каршы туруу комиссиялар түзүлгөн жана Коррупцияга каршы туруу боюнча ыйгарым укуктуу” аттуу атайын кызмат орун киргизилген (28.11.2014-ж. КР Өкмөтүнүн №531 буйругу).

Министр, коррупцияга каршы туруу боюнча мыйзамга багыт берүү алкагында (гильотина принцибин” колдонуу менен ишкердүүлүк ишке мамлекеттин административдик жана жөнгө салуучу басымын төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү жана мыйзам долбоорлорго милдеттүү түрдө коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү) Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун” (ЕККУ) борборунун колдоосу менен жөнгө салуу реформасы боюнча ири долбоор кое берилгенин белгиледи.

Мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун өз ара байланышуусун активдештирүү максатында Коррупцияга каршы туруу форуму түзүлгөн жана иштеп жатат (мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары үчүн аянтча). Бизнес ассоцияциялар тараптан Кыргызстандын бизнеси коррупцияга каршы” Хартиясына кол коюу процесси уланып жатат, ал коррупцияга каршы турууга багытталган жана коррупциялык көрүнүштөр менен жалпы элдик күрөштө Кыргызстандын бизнес коомунун кошкон салымы болуп калат.

Жыйынтыгында министр ЭКӨУнун мониторинг тобунун серепчилерине Кыргыз Республикасындагы коррупцияга жана көмүскө экономикага жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чыгарылган жыйнагын тапшырып, алардын ишине ийгилик каалап өттү.

Өз кезегинде ЭКӨУнун серепчилери жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы Кыргызстан тарапка 23-февралда бериле тургандыгын жана Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын мамлекеттеринин коррупция менен күрөшүү боюнча Стамбул планын мониторингдөө жолугушуусунда угулаарын белгилешти. Ал жолугушуу ЭКӨУнун штаб-квартирасында 23-25-мартта болуп өтөт (Париж шаары).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу