Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Новости
30-Декабрь 2014-ж.
2377
""2014-жылдын 23-сентябрында Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге (ЕАЭБ) кошулуу жөнүндө келишимге кол коюлду (Жүктөп алуу).

Бул документке Кыргыз Республикасынын, Беларусия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын президенттери кол коюшту.

2015-жылдын 1-январынан баштап советтик доордон кийинки мейкиндикте эң ири интеграциялык биримдик ЕАЭБ иштеп баштайт, ал Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) ченемдеринин жана принциптеринин негизинде иштеп, катышуучу мамлекеттердин ортосундагы товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылат.

Бардык жол-жоболор аткарылып бүткөндөн кийин 2015-жылдын май айында Кыргызстан ЕАЭБтин толук кандуу мүчөсү болуп калат.

Келишимге кол коюулгандан кийин мамлекеттин ичиндеги деңгээлде бул келишимди ратификациялоо тартиби башталат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу