2014-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 103,5 % түздү.

Новости
29-Декабрь 2014-ж.
2233
""Бул жөнүндө жылдын алдын-ала жыйынтыгы боюнча бүгүн болуп өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев айтып өттү. Министрдин сөзү боюнча 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзгөн экономикалык саясат дүйнөлүк экономиканын, анын ичинде негизги соода өнөктөш болгон өлкөлөр Россия Федерациясында, Казакстанда экономиканын басаңдоосуна карабастан, экономикалык жактан өсүштүн оң динамикасын кармап турууга жана өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берди.

2014-жылдын январынан тартып ноябрына чейин алдын-ала баалоо боюнча экономикалык өсүш 103,5%ды түздү.

2013-жылдын декабрына карата 2014-жылдын январь – ноябрь айларындагы инфляция 108,9%ды, ал эми ушул мезгилдер үчүн анын жылдык орточо мааниси 107,3%ды түздү.

Өкмөт менен Улуттук банк биргеликте жүргүзгөн иш аракеттин жыйынтыгында инфляцияны болжолдонгон деңгээлде сактап калууга мүмкүндүк болду, бул жаратылыш – климат шарттарынан улам айыл чарбасындагы өндүрүштүн басаңдашына; коммуналдык чарбаларга тарифтин жогорулашына, сомго жана башка валюталарга карата АКШ долларынын чыңдалышына; Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдикке кошулуусуна байланыштуу инфляциялык өсүшүнө, Россия нефти иштетүүчү заводдорунда күйүүчү майлоочу майларга болгон баанын кымбатташына; Казакстанда дан эгиндеринин түшүмү толук жыйналбаганына байланыштуу импорттолуучу буудайдын наркынын жогорулашына карабастан болду.

Экономикалык өсүштүн оң динамикасын кармап туруу 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы №110 токтому) ишке ашырууга карата 2014-жылга Иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылды, мында көпчүлүк бөлүм стратегиялык тармактарды өнүктүрүүгө карата улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жок кылууга жана бизнес чөйрөсүн жөнөкөйлөтүүгө топтолгон. 2014-жылы 11 долбоор, анын ичинен 6 долбоор агрардык өнөр жай комплексинде, 2 долбоор энергетикалык сектордо, 3 долбоор транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө ишке ашырылды.

Айыл чарба өндүрүшүнө стимул берүү максатында Айыл чарбасын каржылоо -2” долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы №61 токтому) ишке ашырылды, анын алкагында республиканын алты банкы фермерлерге жеңилдетилген 15496 кредит берилди, анын жалпы суммасы 5284,9 млн. сомду түздү.

Жеке ишкерлердин ишмердигин көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдардын ашкере кийлигишүүсүн жоюу максатында Коңгуроо” программасы киргизилди. Бул программанын максаты жеке ишкерлердин ишмердигин көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн алдын алуу боюнча мобилдүү топторду уюштуруу, бул жерге мыйзамсыз текшерүүгө арыздануу үчүн бардык ишкерлер кайрыла алат.

Ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аларды колдоо боюнча иштер улантылды. Текшерүүлөрдү башкаруунун маалыматтык системасы түзүлдү. Бул мамлекеттик контролдоочу органдардын негизсиз жана ашыкча текшерүүлөрүн кыскартууга мүмкүндүк берет. Обьекттер тобокелдигине карата текшерилет: жогорку деңгээлдеги” – жылына бир жолудан кем эмес, орточо деңгээлдеги” – үч жылда бир жолудан көп эмес жана маанилүү эмес деңгээлдегилер” – беш жылда бир жолудан көп эмес. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү - юридикалык жактар үчүн 15 күнгө чейин, чакан бизнестин субъекттери үчүн- беш жумуш күнүнө чейин эки эсеге кыскартылды. Жөнгө салуучу таасирди таасирин талдоону колдонуу менен ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын иштелип чыккан долбоорлорунун сапатын жакшыртуу үчүн, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүнүн жаңы методикасы кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-сентябрындагы №559 токтому).

Экономика министрлиги саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментинин (№ 226 от 03.12.14г.) жана Экотехинспекциянын (№ 210 от 24.11.2014г.) жаңыланган текшерүү баракчаларын буйругу менен бекитти. Мунун жыйынтыгында ченемдик укуктук актыларга же рыноктун принциптерине жооп бербеген текшерүү баракчаларынын талаптары 60% га кыскарды.

Жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясаттын алкагында жүргүзүлүп жаткан салыктык саясатты, салыктык жана бажылык администрациялоо системасын өркүндөтүү үчүн 57 ченемдик укуктук актылары иштелип чыкты, анын ичинен 31 кабыл алынды: 4 Кыргыз Республикасынын мыйзамы, 22 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу, 1 макулдашуу.

Евразия экономикалык биримдикти түзүүнү эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы («жол картасы») ишке ашырылды. Улуттук мыйзамдарды ЕАЭС ченемдик базасына ылайык келтирүү боюнча масштабдуу иш жүргүзүлдү, анын алкагында 112 ченемдик-укуктук актыларга (38 мыйзамдарга, башка 74 ченемдик укуктук актыларга) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Жылдын эң негизги окуясы Кыргыз Республикасынын ЕАЭС кошулуучу жөнүндө келишимге кол коюлушу болду (2014-жылдын 23-декабрында). 2015-жылдын 1-январында совет мезгилинен кийинки мейкиндикте ири интеграциялык бирикме- ЕАЭС иштеп баштайт, ал катышуучу-өлкөлөрдүн ортосунда товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин камсыздайт. Бардык жол-жоболор аяктагандан кийин 2015-жылдын май айында Кыргызстан ЕАЭС толук укуктуу мүчөсү болушу күтүлүүдө. Республика үчүн бул экономикалык интеграциянын жаңы тепкичи. Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр, тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар, бизнес үчүн жаңы чакырыктар жана горизонттор ачылууда, экономикада ишкер активдүүлүгүн күчөтүү үчүн өбөлгөлөр түзүлүүдө.

2014-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуусуна кол коюлду.

Бул макулдашуунун алкагында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду түзүлдү, анын уставдык капиталы 1 млрд. АКШ долларын түзөт (уставдык капиталы 500 млн. АКШ көлөмүндө жана 500 млн. АКШ кем эмес насыя булагынан).

Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча

Социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү үчүн гранттык каражаттарды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай эл Республикасынын коммерция министрлигинин ортосунда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн кайра кайтарылгыс жардамынын эсебинен Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүнүн алкагында, министрликте кореялык POSCO компаниясы менен Таш-Көмүр” ферросплавдык заводдун курулушу боюнча Казакстан Республикасынын Минералдык чийки затты комплекстүү кайра иштетүү боюнча улуттук борбордун” ортосунда меморандумга кол коюлду.

Глобалдуу атаандаштык жөндөмдүүлүгүнүн индекси боюнча Кыргыз Республикасы 6 позицияга көтөрүлдү, 127-орундан 121-орунга. Аталган рейтингде мамлекеттин көрсөткүчүнүн жогорулашы макроэкономикалык чөйрө облустун турукташтырууга багытталган реформаларды жүргүзүүнүн, мамлекеттик мекемелерди оптималдаштыруу жана жаңы жолдордун инфраструктурасынын сапатын жакшыртуу жана автомобиль жолдорун реабилитациялоонун эсебинен болду.

2014-жылдын 31-октябрында жана 1 ноябрында Ала-Арча” Мамрезиденцияда Араб Координация Тобунун (АКТ) катышуусу менен II- тегерек стол” өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында КРӨ менен АКТ кызматташуу боюнча Протоколго делегациянын башчылары кол коюшту.

Инвестициялык климатты чыңдоо Программасынын 3-Подпограммасы ишке ашырылып бүттү. Бул программа тескөөчү органдардын талаптарын аткаруу боюнча чыгымдарын кыскартуу; финансы булактарынын тартыштыгын; кадрдык даярдоонун начар сапатын, жана мамлекеттик-жеке кызматташ чөйрөсүндөгү мыйзам базасынын жетишсиздигин чечүүгө багытталган.

Тескөөчү органдардын талаптарын аткаруу боюнча чыгымдарын кыскартуу максатында жаңы ишканаларды регистрациялоо боюнча процессин жөнөкөйлүтүү, уюштуруучулардын колун нотариалдык күбөлөндүрүүнү, финансылык эмес компаниялардын минималдык уставдык капиталды, регистрациялангандан кийин ар кандай төлөмдөрдү, регистрацияга чейинки банктык эсепти ачуу боюнча талаптарды жойгон жаңы мыйзамдарын киргизүү боюнча иш жүргүзүлгөн.

Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү” жана Чек аранын жанындагы кызматтардын регионалдык жакшыртуу” (экөө тең АБР), Жеке сектордун өнүгүүсүн колдоо” долбоорлору ишке кире баштады.

Инвестициялык климатты мыктылоо боюнча реформаларды ишке ашырууга зарыл инвестициялык стимулдар боюнча колдонмо Эл аралык финансы корпорациясы менен биргелешип иштелип чыкты.

Коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө:

2012-жылдын 2-февралында №26 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чараларын ишке ашыруу максатында 2012-жылдын 30-августунда №596 КР Өкмөтүнүн токтому менен 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планы бекитилди.

Аталган токтом менен Экономика министрлиги аткаруу бийлик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын коррупцияга каршы иш чараларын аткаруусун баалоо жана мониторинг кылуу боюнча Өкмөттүн Секретариаты катары бекитилип коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө коордициялоо, уюштуруу жана коррупцияны алдын алуу саясатын иштеп чыгаруу функциясын ишке ашырып баштады.

Коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө төмөнкү мыйзам чыгаруу иши жүргүзүлгөн:

Коррупцияга каршы мониторингдин жана баалоонун методологиясы бекитилди (2014-жылдын 12 февралындагы №44-б КРӨ буйругу).

Коррупциялык көрүнүштөрдү алдын-алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, мамлекеттик органдарда атайын коррупцияга каршы комиссиялар уюштурулду жана коррупцияны алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу” кызмат орду киргизилди (2014-жылдын 28 ноябрындагы №531-б КРӨ буйругу).

Кыргыз Республиканын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупциялык тобокелдерди башкаруу жана баалоо методикаларын киргизүү Методикалык сунуштар иштелип чыгып бекитилди (2014-ж. 17 июнундагы №92 КР экономика Министринин буйругу). Аталган документтин негизинде коррупциялык тобокелдиктердин баалоосун ситуациялык анализди өткөрүү боюнча сунуштар даярдалат.

Коомчулукта коррупцияга терс мамилени калыптандыруу боюнча, өнүгүү саясаты институту менен биргелешип маалыматтык-түшүндүрүү кеңири компаниясы жүргүзүлдү.

Соода саясат чөйрөсүндө:

Кош милдет аткара турган товарларды керектөөнүн көзөмөлдөөсүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөлдөө тизмеси” бекитилди (2014-ж. 2-апрелиндеги №197 КРӨ токтому), Кыргыз Республикасында көзөмөлдөнүүчү продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөр киргизилген (2010-ж. 27-октябрындагы №257 Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө” КРӨ токтому) - эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттемелерин аткаруу;

Ата мекендик ун тартуучу тармагын кызыкчылыктарын коргоо максатында жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча унду алып кирүүгө экспорттук алым киргизилген (2014-ж. 4-мартынын №119 Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө” КРӨ токтому), ал былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2014-жылдын 11 айына ата мекендик унду өндүрүүнүн көлөмүн 19% жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү жакшыртуулар:

2014-жылдын 17-июлундагы №139 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды, мында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин аныктайт жана аталган чөйрөдөгү аткаруучу менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, анын ичинде кичи жана орто бизнестин.

Монополияга каршы органдын, министрликтер жана ведомстволордун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жөнгө салууга багытталган аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри (тизмеси) бекитилди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-майындагы №259 жана 2014-жылдын 18-ноябрындагы 3655 токтомдору).

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийликтин мамлекеттик органдары тарабынан юридикалык жактарга жана жарандарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат корсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты иштелип чыкты жана кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы №651 токтому).

Кен байлыктар чөйрөсүндө:

Кыргыз Республикасынын Кен байлыктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамы, мыйзамдарды жакшыртуу жана учурдагы мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында даярдалган. Мыйзамда геологиялык чалгындоо иштери башталгандан баштап, иштетилип баштаганга чейин бузулган жерлерди рекультивациялоого фонд түзүү каралган.

Геологиялык маалыматтарды тапшыруунун тартибин аныктоо, геологиялык маалымат ресурстарына кирүү жана алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча ченемдик укуктук актылар даярдалды; жер участкаларын бир категориядан башка категорияга өткөрүү (трансформациялоо) боюнча процесстерди өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, жана дагы Кыргыз Республикасындагы тоо кен бизнесин өнүктүрүүгө жана кендерди пайдалануу үчүн жер участкаларын берүүдө тоскоолдуктарды жоюу; Кыргыз Республикасынын аймагында жеке чайкоочулук (артелдик) ишмердик чөйрөсүн көмүскө айланмадан чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасындагы шлихталык алтынды сатып алуу, сатуу, жууп тазалоо, казып чыгаруу процессин тезинен тартипке салуу жана ашкерелештирүү жана шлихталык алтынды кабыл алууну уюштуруу жана алтынды жеке чайкоочулардын (артелдик) ишмердик процедурасын деталдаштырууга багытталган.

Техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндө.

Жылдын ичинде, техникалык жөнгө салуу бөлүгүндө, Бажы биримдигинин келишимдик укуктук базасына жана улуттук мыйзамдарга салыштырмалуу талдоо жүргүзүлдү, Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кирүү боюнча жол картасынын бардык пункттары макулдашылды жана иштелип чыкты.

БЭКсы жана Бажы биримдигинин мамлекет мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кирүү боюнча Келишим долбоорунун техникалык жөнгө салуу бөлүгү макулдашылды.

Эл аралык укук ченемдерине жана эрежелерине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын эл аралык жана регионалдык метрологиялык тутумдарга интеграциялоону камсыздоо максатында, так жана салыштырмалуу жыйынтык өлчөмдөрүн объективдүү алууну камсыздоо жана жарандарды жана мамлекетти туура эмес жыйынтыктардын кесепетинен коргоо максатында өлчөмдөрдүн тутумдарын камсыздоо жөнүндө” жаңы редакциядагы мыйзам кабыл алынды.

Бизнес-өкүлдөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда көчмө жыйындар өткөрүлдү, мамлекеттик структуралар тарабынан Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин жоболору, СФС чараларынын колдонулушу жана Бажы Биримдигине продукцияларды ташуу шарттары түшүндүрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу