КР ЭМ Түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан ийгиликтүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Новости
11-Декабрь 2014-ж.
3203
Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан өз жобосундагы милдеттерди жана министрлик тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруу алкагында, ийгиликтүү иштер жүргүзүлүп жатат. Айта кетсек, башкармалык тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды:

2014-жылдын 1-3-декабрында Ош шаарында, башкармалык тарабынан Германия Эл аралык кызматташуу долбоорунун Туруктуу экономикалык өнүгүү” программасынын каржылоосунда Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорунун өкүлдөрү үчүн (пилоттук делген) үч күндүк окуу семинары өткөрүлдү. Ал семинарда, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери тарабынан Мамлекеттин экономикалык акыбалы: аймактардын экономикалык өнүгүү тенденциясы жана өзгөрүүсү”, Ишкердүүлүк тармагынын өнүгүүсү: жетишкендиктер жана көйгөйлөр”, Бизнес-план: структурасы жана түзүүдөгү негизги талаптар” аттуу темалар боюнча презентациялар көрсөтүлүп, тажрыйбалык сунуштар берилди;

БУУнун программасы тарабынан каржыланган Ош облусунда соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында, башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 2014-2017-жылдарга карата Ош облусунун жана Ош шаарынын соода саясатын өнүктүрүү” Программасын түзүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат;

Инвестиция жана потенциалдуу инвесторлорду тартуу максатында, түштүк аймак боюнча инвестициялык бизнес-долбоорлордун базасын түзүү алкагында иш аракеттер жүргүзүлүп жатат;

Министрликтин 2012-жылдын 10-октябрындагы «Социалдык маанилүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу үчүн КР Экономика министрлигинин Стратегиясын бекитүү жөнүндө» жана 2012-жылдын 14-сентябрындагы «Эң негизги социалдык маанилүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү жөнүндө» буйруктарын иш жүзүнө ашыруу максатында, жума сайын Түштүк аймактын Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларынын ири базарларындагы негизги азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын бааларына байкоо жүргүзүлүп, министрликке жиберилип турат;

Ошону менен бирге түштүк аймагынын район-шаарлардагы көмүр сатуучу соода түйүндөрүндө сатылып жаткан көмүрдүн орточо баалары боюнча маалыматтар жума сайын даярдалып, министрликке берилип жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу