Экономика министрлигинде ББ мамлекеттерине эт, сүт продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү маселеси боюнча тегерек стол болуп өттү.

Новости
22-Октябрь 2014-ж.
2239
""""






















Бүгүн КР Экономика министрлиги Эт, сүт жана деңиз продуктуларын алып келүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте Бажы биримдигинин мамлекеттерине эт, эт продукцияларын, сүт жана сүт продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү маселеси боюнча тегерек стол болуп өттү.

Министрдин орун басары Данил Ибраевдин сөзү боюнча бул иш –чара ББ рынокторунун сегменттеринин иштөө шарттары жөнүндө бизнес коомду маалымдоо максатында өткөрүлүп жатат. Бул иш-чарада жүрүп жаткан интеграциялык процесстерди эске алып, бул чөйрөдөгү көйгөйлөр жана маселелер талкууланат.

Сүттү кайра иштетүүчү чарбакер субъекттердин саны: 45 юридикалык иш кана жана 344 жеке ишкерлер (01.01.14-жылга Улуттук статкомдун маалыматтары боюнча). Анын ичинен 22си көп ассортиментте сүт продукциясын өндүргөн чоң жана орточо сүт иш каналар.

Жыл сайын ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан орточо эсеп менен 1400,0 миң тонна чийки сүт кайра иштетилип чыгат. Кайра иштетип чыгаруучу иш каналар республиканын элинин муктаждыктарын толук көлөмдө камсыз кылат.

Мындан сырткары республика сүт продукциясын экспорттойт. Негизги сүт продуктуларын экспорттой турган мамлекет болуп Казакстан саналат, ал жака экспорттоло турган продукциянын 98 % жиберилет.

Министрдин орун басары белгилегендей бүгүнкү күндө республика боюнча каттоодон өткөн эт жана эт продуктуларын өндүргөн иш каналардын саны юридикалык жактар 206 түзөт жана жеке ишкерлер 360 өйдө саналат.

Биздин иш каналардын эт продукциясын өндүрүүнү жогорулатууга толук мүмкүнчүлүгү бар, бирок азыркыга чейин 2009-жылы Казакстанга Кыргыз Республикасынан мал чарба продукцияларын экспорттоого салынган тыюулар эт продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн токтотуп турат. Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык мейкиндигине кошулса бул чөйрөдө бизнести өнүктүрүүгө жаңы шарттар, жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

ББда сүт жана сүт продукциясын, эт жана эт продукциясын өндүрүүнү жөнгө салган төмөндөгү Техникалык регламенттер колдонулат: Тамак – аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө”; Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө”; Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө”; Таңгактын коопсуздугу”; Маркировкалоо тарабынан азык-түлүк”. Бул регламенттер менен толугураак ББ расмий сайтынан http://www.eurasiancommission.org тааныша аласыздар (Техникалык жөнгө салуу-Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаменти-техникалык регламенттер).

Экономика министринин орун басары Д.Ибраев сөзүн жыйынтыктап жатып, Бажы биримдигине кирүү бардык көйгөйлөрдү дароо чечип жибербейт, чече турган кыйынчылыктар да болот, буларды түшүнө билүү зарыл. Пайда болгон кыйнчылыктарды өз убагында билип жана аларды минималдаштырсак КР эт, сүт тармагын өнүктүрүүгө жана бул сегментинде экспорттук жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө өбөлгө түзүлөт деп билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу