«Мамлекеттик тил жөнүндө» КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдык мааракесине карата Экономика министрлигинде салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Новости
23-Октябрь 2014-ж.
2398
2014-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында «Мамлекеттик тил жөнүндө» КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын ачылыш аземинде министр Т. Сариев чыгып сүйлөп жатып адамзаттын башында калыптанган көчмөн дүйнө таанымы, табылгыс байлыгы, түбөлүк билимдин туу чокусу болгон мамлекеттик тилибиздин кабыл алынышына быйыл 25 жыл толду, мамлекеттик тилдин кабыл алуу мезгилиндеги чыныгы атуулдарыбыз жасаган эрдикти баалоо менен мамлекеттик тилибиздин кыйынчылыктар менен келген жеңишин бир күн гана майрамдабастан, ар бир күнү эске тутуу менен жүрөгүбүздө бек сактап, ата-бабабыз калтырган мурасты ыйык сактап, барктап алсак деп белгилеп өттү.

Ошону менен бирге «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышынын 25 жылдык мааракесине карата мамлекеттик тилде иш жүзүндө иш алып барган борбордук аппараттын кызматкерлерине «Мамлекеттик тилде үлгүлүү иш алып баргандыгы үчүн» алкыш жарыяланды.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Экономика министрлигинин кызматкерлери кубулжуйт кыргыз ырлары, улуттук кийим көргөзмөсү, улуттук каада-салтты көрсөтүү, үч топтун таймашы, залдын жасалгасын баалоо тапшырмалары боюнча өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясы даярдаган «Мамлекеттик тилди кабыл алуу тарыхы» аттуу документалдуу фильм жана «Менин тилим – Манастын тили» аттуу фильм көрсөтүлдү.

Ошону менен бирге КРСУнун профессору Жапанов Аттокур Асанаалиевич Кыргыздар жана кыргыз тили жөнүндө” доклады менен чыгып сүйлөдү. Жана ошондой эле автордук китептердин жана публикациялардын көргөзмөсүн көрсөттү.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан өнөрлөрүн жакшы көрсөткөн жана упайы жогору болгон топторго акчалай сыйлыктар тапшырылды.

""

""""""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу