Министр Т.Сариев КРдагы Европа биримдигинин элчиси Чезаре Де Монтис мырза менен жолукту.

Новости
08-Октябрь 2014-ж.
2231
""2014-жылдын 9-октябрында КР Экономика министри Т.Сариев Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин элчиси Чезаре Де Монтис мырза жана саясат бөлүмүнүн башчысы Огонян Чампоев мырза менен жолукту.

Бул жолугушуунун алкагында экономика министри жана ЕБ элчиси Кыргыз Республикасынын Европа биримдиги менен болгон кызматташтык жана Кыргыз Республикасынын Европа биримдигинин Жалпы преференциялар системасынын (ЖПС) жаңыланган системасына кошулуу маселелерин талкуулашты.

Министр Т.Сариев Кыргыз Республикасынын ЖПС статусун батыраак алганга кызыктар экенин белгилеп өттү жана Кыргызстандын ЖПСке кошулуу процессинин азыркы статусу жөнүндө Европа биримдигинин делегациясын маалымдады.

Кыргыз Республикасы 1993-жылдан бери Жалпы преференциялар системасынын (ЖПС) негизги схемасынын колдонуучулары болуп саналат. ЖСПга ылайык Европа биримдиги бардык өнүгүп келе жаткан малекеттерге преференцияларды беришет. ЖСП 7000ге жакын товарларды ичине камтыйт, алардын ичинен 3300 товардык позиция боюнча пошлинасыз, ал эми 3700нө бажы пошлиналардын ылдыйлатылган ченеми колдонулат.

ЖСП схемасы боюнча Кыргыз Республикасы ЕБ рыногуна пошлинасыз кирүүгө мүмкүндүк алат.

ЖСП статусун алуу бир далай преференцияларды алган секторлорго инвестицияларды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына байланыштуу өндүрүшкө таасирин тийгизет.

Өз кезегинде ЕБ өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын ЖСП статусун алуу процессин эртелетүүгө болгон кызыгуусун белгилеп өтүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да жемиштүү жана тыгыз кызматташтыка ишенимин билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу