Экономика министрлигинде ББ мамлекеттерине эт, сүт продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү маселеси боюнча тегерек стол өтөт.

Новости
21-Октябрь 2014-ж.
2123

КР Экономика министрлиги Эт, сүт жана деңиз продуктуларын алып келүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте Бажы биримдигинин мамлекеттерине эт, эт продукцияларын, сүт жана сүт продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү маселеси боюнча тегерек стол өткөрүүнү пландап жатат.

Тегерек столдун ишинде профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана мамлекеттин ар кайсыл аймактарынын бизнес өкүлдөрү катышышат.

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Экономика министрлигинин Чоң залында өтө турган иш-чаранын алкагында, жүрүп жаткан интеграциялык процесстерди эске алып, бул чөйрөдөгү көйгөйлөр жана маселелер талкууланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу