Министр Т.Сариев жумушчу иш-сапарынын алкагында Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушту.

Новости
18-Февраль 2015-ж.
2232
""2015-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Ош шаарына иш –сапар менен келип, Экономика министирлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын коллективи менен жолугушту.

Андан соң борбордун мэриясынын имаратында Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканы чыңдоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түзүү боюнча иштер туруктуу жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Бизнес жүргүзүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жеке секторлордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү туруктуу мыйзам жана институционалдык база экономиканын өнүшүнүн негизи болуп саналат.

Белгилей кетчү нерсе, таасир берүүнүн реалдуу механизмин түзүү максатында, бизнестеги кесиптештер менен Экономика министрлиги активдүү иш алып барууда жана дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турат.

Министр жалпы күчүбүз жана координацияланган аракеттерибиз менен реалдуу жана натыйжалуу жыйынтыктарды ала алабыз деди.

Ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо - Өкмөттүн социалдык жактан маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат, анткени алардын ишмердүүлүгүнөн экономиканын көрсөткүчтөрү жана калктын жашоо деңгээли көз каранды.

Ири бизнестин гана кызыкчылыгын эске албастан, чакан жана орто бизнестеги да көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл, анткени алар экономикалык жактан өсүштүн локомотиви” болуп саналат.

Учурдагы тышкы факторлорду, эл аралык рыноктордогу татаал жагдайларды, дүйнөнүн жалпы экономикалык өсүшүнүн төмөндөшүн, валюта рыногундагы туруксуздукту эске алуу менен туруктуу жана алдыңкы рынокторду түзүү үчүн чараларды көрүү зарыл.

Мындан тышкары, Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстердин шартында жеке секторлордун деңгээли жана атаандашуу жөндөмдүүлүгү боюнча курч маселе турат.

Министр ишкердүүлүк ишин жүргүзүү чөйрөсүндө иштердин күндөлүк абалын талкуулоо жана келечекте кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү конкреттүү милдеттерди аныктап, жеке сектор дуушар болуп жаткан негизги маселелерди чогуу аныктап жана ишкерлердин сунуштарын укканга даяр экенин белгиледи.

Министрликтин ачык экенине жана мамлекеттик орган тараптан бул маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу жана бардык керектүү чаралар иштелип чыга турганына ынандырды.

Ишкерлердин катышуусу менен, ошондой эле аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башка өкүлдөрүнүн катышуусунда – бизнести мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин конкреттүү планын иштеп чыгып жана түзө алабыз.

Ошондой эле бүгүн Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусунун жана Бажы биримдигине кирүүсүнүн натыйжасында келип чыккан маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилет.

«2015-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу» маселелери боюнча Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин алдыдагы жыйынында биргелешкен ишитин жыйынтыктары көрсөтүлөт.

Күндүн экинчи бөлүгүндө министр Т.Сариев Баткен облусундагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Раззаков менен жолугушуп, мамлекеттик органдар жана бизнес коом менен кеңешме өткөрөт, андан соң Кызыл-Кыя шаарындагы Түштүк-Кыргыз цемент заводуна” барат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу