Кыргызстандын аймактарында “Кыргызстанда айымдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” боюнча сынактык долбоорлор старт алды.

Новости
06-Октябрь 2014-ж.
2218
2014-жылдын 6-октябрынан 9-октябрына чейин Ош шаарында Кыргызстанда айымдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” боюнча сынактык долбоор старт алды. Бул сынактык долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бекитилген Бишкектин машыктыруучулары финансылык сабаттулук, бизнес пландоо, лидердик жана коммуникациялык тажрыйба боюнча окутуучу тренингдерин өткөрүп жатышат. Баштапкы ишмерлерге эл аралык тажрыйбалар менен таанышканга мүмкүнчүлүк берилет, ал менен бизнес алып баруу боюнча эксперт Латиф Джин мырза бөлүшөт.

Ош шаарында бул долбоорго катышууга 25тен 50 жашка чейинки 50 айым табыштама беришти. Алардын ичинен 20 катышуучу тандалып алынды, тренингдин жыйынтыгында аларга Жетишкендиктери жөнүндө” күбөлүк берилет.

Ушул сыяктуу сынактык долбоорлор Кыргызстандын башка аймактарында да жүргүзүлөт: Нарын шаарында 13-15-октябрында, Каракол шаары 15-17-октябрында.

Кыргызстанда айымдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” долбоору аймактагы ишмер айымдардын бизнесин туруктуу өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жатат, ал жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жана аймактын бүтүндөй экономикасын жана туруктуулугун өнүктүрүүнү камсыз кылууну карайт.

Долбоор Жардылыкты кыскартуу Япон фондусунун гранттык каражаттарына ишке ашырылып жатат, ал Азиялык өнүктүрүү банкы тарабынан башкарылат. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бул долбоордун Аткаруу агенттиги болуп саналат. Бул окуу БАУнун Профессионалдык жана үзгүлтүксүз окутуу мектеби тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу