Мамлекеттик кызматкерлерге жана бизнестин, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн “Ак ниеттүү башкаруу - Коррупцияга каршы туруу боюнча ык-амал” темасында тренинг болуп өттү.

Новости
30-Сентябрь 2014-ж.
2245
2014-жылдын 29-30-сентябрларында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде мамлекеттик кызматкерлер жана бизнестин, академиялык чөйрөнүн, жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн Ак ниеттүү башкаруу - Коррупцияга каршы туруу боюнча ык-амал” темасында эки күндүк тренинг болуп өттү. Бул иш чара Экономика министрлиги жана Integrity Action” мамлекеттик эмес эл аралык уюму тарабынан уюштурулду.

Бул тренингдердин негизги макстаы болуп Кыргызстанда, коомдо ак ниеттүүлүктү жаратуу үлгүсүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн жана ак ниеттүүлүк чөйрөсүндө эл аралык жана улуттук тажрыйба менен бөлүшүү саналат.

Тренингдин биринчи күнү комплайенс-комиссарлары – коррупцияны алдын алуу боюнча КР ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызметкерлери үчүн уюштурулган. Экинчи күнү бизнестин, жарандык коомдун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылды.

Тренингди жергиликтүү эксперттердин катышуусу менен Integrity Action” мамлекеттик эмес эл аралык уюмдун аткаруучу мүдүрү жана уюмдун түзүүчүсү Фредрик Галтунг мырза өткөрдү.

Ошол эле күндөрү Экономика министри Т.Сариевдин жана Фредрик Галтунг мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Анда коммуникация маселелери талкууга алынып, ошону менен бирге азыркы этапта коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары КР Экономика министрлигине ак ниеттүү башкаруу - Коррупцияга каршы туруу боюнча ык-амалдардын механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча билимдин керектиги айтылды.
""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу