КР Экономика министри Т. Сариев Ош шаарында иш сапар менен “Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кошулуусу” аттуу темада тегерек столго катышып жатат.

Новости
30-Сентябрь 2014-ж.
2643
""Министр Т.Сариев чыгып сүйлөп жатып Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуу процесси боюнча азыркы убактагы жагдайды кыскача маалымдап өттү. Ошону менен бирге КРдин БЭМге кошулуусу боюнча жол картанын долбоорун талкуулоо жөнүндө белгиледи, ал 15 бөлүмдөн жана 115 пунктан турат.

Бул жолугушууда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, акимдер, губернаторлор, Экономика министрлигинин алдындагы Түштүк аймактар аралык башкармалыктын кызматкерлери, республиканын бизнес коомунун, соода, кызмат көрсөтүү, базар ассоцияцияларынын, өндүрүш иш каналарынын өкүлдөрү катышышты.

Министр Т. Сариев презентациянын жүрүшүндө Бажы биримдигин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүнүн кыскача тарыхы жөнүндө айтып өттү. Министрдин сөзү боюнча Евразия мейкиндигиндеги интеграция процесси өзүнүн тарыхын 90-жылдарда баштаган. 1995-жылдын январь айында Россия Федерациясы, Казакстан жана Беларусь Республикалары Бажы биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюшкан. Кыргызстан бул келишимге 1996-жылдын 29-мартында кошулган.

Биздин өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирип жатып 1995- жана 1996-жылдардан бери Бажы биримдигинин макулдашууларында катышып жүргөндүгү жөнүндө БСУ мүчөлөрүн маалымдаган.

2000-жылдын октябрында Россия, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан мамлекеттери эл аралык уюмдардын статусунда Евразиялык экономикалык коомчулугун (ЕврАзЭК) түзүү тууралуу Келишимге кол коюшкан. Евразиялык экономикалык коомчулугунун (ЕврАзЭК) бирден бир багыты болуп Бажы биримдигин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү саналат.

2007-жылдын 6-октябрында ЕврАзЭКтин Мамлекеттер аралык кеңеши мамлекеттер башчыларынын деңгээлинде Евразиялык экономикалык коомчулуктун алкагында Бажы биримдигинин укуктук базасын түзүү жөнүндө” чечим кабыл алынган (Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын курамында). Ошону менен бирге Бажы биримдигинин Комиссиясы жөнүндө, бирдиктүү бажы аймагын жана Бажы биримдигин ж.б түзүү жөнүндө келишимдерге кол коюлган, кийинчерээк 2008-2009-жылдары «үчилтиктин» алкагында Бажы биримдигинин келишимдик базасын түзүүчү боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлган.

Бажы биримдигин негизги макулдашуулары 2010-жылдын 1- январынан тартып күчүнө кире баштаган.

2011-жылдын 1-июлунан баштап Россия, Казакстан жана Беларусь чек араларында ички бажы контролу жокко чыгарылцып, сырткы чек арага которулган.

2011-жылдын 1-июлунан баштап Казакстан толугу менен Бажы биримдигинин тартиби менен иштей баштады.

Бажы биримдигинин Келишимдик-укуктук базасы 110дон ашык эл аралык келишимдерден турат.

2012-жылдын 1-январынан тартып Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин макулдашуулары күчүнө кирди (2014-жылдын май айындагы абалы боюнча – 18 макулдашуу).

2014-жылдын 29-майында ББ өлкөлөрү тарабынан 2015-жылдын 1-январынан тартып иштей башташы керек болгон Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюлду.

Экономика министри Бажы биримдиги өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүү жөнүндө айтып жатып төмөндөгүлөрдү билдирди.

Бажы биримдигинин мамлекеттери биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз болуп эсептелет. 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы 140тан ашык мамлекет менен соода жүргүзүүнү жүзөгө ашырган. Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ББ өлкөлөрүнүн салыштырма салмагы 40,7% түздү, анын ичинен экспортто – 27,8% (алтынды кошкондо), ал эми алтындын тышкары эсептесек экспорттун 44 % (алтынды эсептебегенде) жана импорттун 27,1% түзгөн. Кыргыз Республикасынын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмакты ээлеген Россия Федерациясына – 27,1%, андан ары Казакстан Республикасына – 11,9% жана Беларусь Республикасына 1,6% туура келген.

Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмүнөн:
""













Кыргызстандын импортунун жалпы көлөмүнөн:
""



















Бажы биримдигинин өлкөлөрүнөн импортко карата маселе биз үчүн маанилүүлүгүн жогото элек, ал дале жогору бойдон. Биз бул өлкөлөрдөн өзүбүз үчүн стратегиялык жактан маанилүү товарларды: күйүүчү-майлоочу майларды, данды, жыгач материалдары, металлопрокаттарды алып жатабыз, ошондуктан экономика үчүн өтө олуттуу болуп стратегиялык товарларды алымдары жок алып кирүүнү жүзөгө ашыруу саналат.

Дагы бир нерсени белгилеп кетүү зарыл, Бажы биримдиги толук кандуу иштей баштагандан бери биздин экономикага катуу таасир тийгизе баштады. Бажы биримдиги жаңы бажы келишимдерин жана эрежелерин киргизгенден кийин Кыргыз Республикасында экспорт өтө кымбат болуп калды.

Натыйжада, негизи алтынды экспорттоонун өсүшүнүн эсебинен боло турган ошол эле мезгилде экспорттун жалпы көлөмүнүн 14,8% өсүшүндө (2013-жылы – экспорттун жалпы түзүмүндө алтындын экспортунун үлүшү 36,5% түздү), 2013-жылы Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө Кыргызстандан экспорт 2010-жылга салыштырмалуу 21,5% төмөндөгөн (сүт азыктарын, эл. энергиясын, кийим жана пахта буласын экспорттоонун эсебинен). Алтын кошпогондогу экспорт 17,5% өскөн.

Реэкспорттун көлөмү дагы кыскарды. Бажы статистикасынын маалыматтары боюнча адатта Дордой жана Кара-Суу базарларына алып келине турган жүктөрдү импорттоо төмөндөдү.

Ошентип, эл керектөөчү товарлардын импорту 2012-жылы Кытайдан 401,9 миң тоннаны, ал эми 2013-жылы – 329,9 миң тоннаны түзгөн, бул мурунку жылдан 22% аз.

Акыркы айларда абал начарлап жатат. Соода кызматкерлеринин ассоциациясынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын декабрынан баштап Дордой базарындагы сооданын көлөмү кескин төмөндөгөн (3-4 эсе), азыр базарга күнүнө товар менен 50дөн ашуун жүк ташуучу машина келип жатат, мурунку жылдарда базар күнүнө товар менен 150-200дөй машинаны кабыл алчу.

Жогоруда келтирилген фактылар Кыргыз Республикасынын экономикасынын Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон байланыштын тыгыз экендигин маалымдайт. Ошол эле мезгилде Бажы биримдигинин чек араларынын кесилишиндеги чектөөлөрдөн экспорттун төмөндөшүнүн терс тенденциялары байкалган.

Өкмөт Бажы биримдигине кошулуу же кошулбоо боюнча маселелердин бардык тобокелдиктерин изилдеп чыкты.

Бажы биримдигине кошулбаган учурдагы тобокелдиктер: өнөктөш-өлкөлөр, биринчи кезекте Россия жана Казахстан менен соода жүргүзүү шарттарынын начарлоолору биздин республикабыздын экономикасы үчүн аябай таасирдүү болуп саналат.

Бажы биримдигине кошулбоо боюнча чечим кабыл алсак, ал көптөгөн терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн: реэкспортту андан-ары жүзөгө ашыруу мүмкүн эместигинен Кытай менен болгон тышкы соода көлөмүнүн кыскарышы (Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына келген импорттун 80% реэкспорт катары Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө кеткен); жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн натыйжасы катары ишкер адамдар сатуу рыногун, жана көп жылдардан бери түзүлгөн соода байланыштарын жоготот; ири дүң базарларында жана челноктук соода менен алектенген ишкерлердин жумушсуздугу көбөйөт; кичи жана орто бизнес чөйрөсүндө финансылык абал начарлайт. Фирмалардын банкротко учурашы өсөт; салыктык төлөмдөрүнүн азайышынан бюджеттин тартыштыгы көбөйөт; тарифтик эмес тоскоолдуктардын бардык болгон түрлөрүн, анын ичинде бажылык текшерүүнү колдонууну катаалдыгынын натыйжасында, айыл-чарба продукцияларын жана сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салынат; экспортёрлордун чыгымдары өсөт, ал эми кээ бир учурда экспортко товар жөнөтүү таптакыр мүмкүн эмес болуп калат; экспортко багытталган экономикалык секторлордун продукцияларынын чыгарылыш көлөмү төмөндөйт (айыл чарба, кийим тигүү жана сүт жаатында); экономикалык өсүш темпинин олуттуу төмөндөшү; калктын миграциясы кыйла өсөт.

1600 миң тоннадан ашык көлөмдү түзгөн Россия Федерациясынан келген күйүүчү-майлоочу майларды алымсыз берүү токтотулат.

Маалымдама: Азыркы учурда Россия Федерациясына кеткен дизель майына болгон экспорттук алымдар тоннасына 244,4 долларды, бензиндин тоннасына АКШнын 338,4 долларын түзөт.

Ошондуктан бүгүнкү күндүн чындыгы биздин экономиканын евразиялык интерграциялык биримдикке кирүү керектигин айгинелеп турат.

Акыркы жылдары ББ өлкөлөрүнө миграциялык кетүүлөр айрыкча олуттуу болуп саналат. 2005-жылы Кыргызстандан Россияга 24,8 миң адам кеткен, Казакстанга 4,3 миң адам (бардыгы- 30,7 миң адам). Ошону менен бирге эле акыркы эки жылда миграциялык процесс мурдагыга караганда бир аз солгундай түшкөндүгүн белгилеп кетүү керек.

Ал эми Бажы биримдигине кирүүдө төмөндөгүдөй пайдалуу жактар болот, алар: биринчи иретте бажы чек арасы жок соода шарттарынын ыңгайлуулугу (чек арада бажы документтерин тариздөө болбойт; мүмкүн болгон учурда гана тышкы соода жүргүзүүнүн катышуучулары КНС (кошумча нарк салыгын) жана башка салыктарды төлөө үчүн салык органдарына документтерди тапшырышат; продукциянын коопсуздугун тастыктаган документтер бирдиктүү болот жана аларга болгон талап да бирдей болот); бажы биримдигинин ички чек араларында бажы контролу жана бажы жыйымдарын алуу жана кээ бир формалдуу процесстер жоюлат, алар сырткы соода байланышта иштегендердин чыгымдарын азайтып, республиканын ири дүң базарларынын ыңгайлуу иштешине шарт түзөт. Ошентип, АӨБ (Азия өнүктүрүү банкы) жүргүзгөн изилдөөлөрдүн мониторингинин маалыматтары боюнча, бажы чек арасын жоюунун натыйжасында Россия менен Казахстандын ортосундагы чек арадан жүк ташыган машиналар 2011-жылда 7,7 саатта өтсө, 2012-жылы 2,9 саатта өтүү менен убакыттын чыгымдалышынын кескин кыскарышына көмөк көрсөтөт; кыргызстандагы инвестициялардын олуттуу өсүшү болжолдонууда, ири долбоорлор ишке ашырыла баштайт. Инвесторлор келет, жана булар Бажы биримдигинин өлкөлөрүнөн гана эмес, Кытай, Түркия, Корея жана башкалардан болот, анткени алар үчүн алымдарсыз жана тоскоолдуктарсыз ири рыноктун эшиги ачылат. Өнөктөш-өлкөлөрдүн көптөгөн потенциалдуу инвесторлору Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын күтүшүүдө; кыргызстан өзүнө агроөнөр жай комплексин, текстиль жана кийим тигүү индустриясы менен бирге көпчүлүк секторлордо өндүрүштүк бирдиктин ролун алат. Бул секторлор Бажы биримдиги кошулганда утат жана алардын атаандаштыгы жогорулап, сатуу рыноктору пайда болот; бажы биримдиги талаптарына ылайык Сыноо лабораторияларын модернизациялоо түздөн-түз биздин экспорттун Бажы биримдиги мамлекеттерине гана эмес, алыскы мамлекеттерге да көбөйүшүнө таасирин тийгизет; кыргызстандын Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) мүчөлүгү биздин жарандардын сырткы миграция менен байланышкан көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет, себеби Бажы биримдигинин мүчөлүгү бул Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуунун бир тепкичи болуп калмакчы. (Маалымдама: Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчөлүккө кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзөт, алсак кызматка жөнөкөй тартипте орношуу, мигранттардын өзүнө жана алардын үй-бүлөлөрүнө социалдык шарттарды жакшыртуу ж.б.у.с.); республикага стратегиялык маанилүү багыттарда: гидроэнергетикада, нефть жана газ тармагында, турак жайда жана транспорттук инфраструктурада ири долбоорлорду ишке ашырууда өтө зарыл болгон нефть продуктыларын, жыгач материалдарын, металлопрокат ж.б. ушул сыяктуу товарларды алымы жок алып келүүгө мүмкүндүк түзүлөт.

Албетте, Бажы биримдигине кошулуу бардык көйгөйлөрдү автоматтык түрдө чечет дегенден алыс болуш керек, тоскоолдуктарды азайтуу үчүн чече турган бир катар кыйынчылыктар да болот.

Фискалдык жөнгө салуу боюнча, Бажы союзуна кошулгандан кийин салыктык жана бажылык мыйзамдар өзгөрбөйт. Салыктардын ставкалары дагы өзгөрүлбөгөн деңгээлде калат.

Бажы союзунун ичиндеги экспорттук-импорттук операцияларды башкарууну бажы кызматынан салык органдарына өткөрүп берүүдө, ошондой эле 1,5 айга чейинки мөөнөткө мөөнөтүн узартып берүүдө жана бажылык жыйымдын жоктугунда айырма болот, бул ББ ичинде товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү которуу үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүп берет.

Бизде салыштырмалуу төмөнкү салыктык оорчулук белгиленгендигин жана атаандаштык салык режими түзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек.

Терс кесепеттерге төмөндөгүлөрдү кошсо болот:

1) Биз үчүнчү өлкөлөрдөн (Алыскы чет мамлекеттерден) импорттогон, товарлардын белгилүү түрлөрүнө болгон баалардын өсүшү.

Биз Бажы биримдиги жана КМШ өлкөлөрүнөн импорттогон товарлардын наркы жогорулабашы керек, тескерисинче, бажылык жана тарифтик эмес тоскоолдуктардын азайышынын жана өлкөлөрдүн ортосундагы товардык агымдардын өтүүсүн тездетүүнүн эсебинен баа төмөндөйт.

Графиктерде көргөнүңүздөрдөй, бардык стратегиялык товарларды биз Бажы биримдигинин өлкөлөрүнөн алып келебиз. Ал эми баа өсө турган болсо, күнүмдүк керектелүүчү товарларга эмес, башка товарларга жогорулашы мүмкүн.

2) Ошондой эле Кытайдан импорттоону кыскартуу, жана ошондой эле дүң соодадагы жумуштуулукту жана бюджетке келип түшүүлөрдү азайтуу.

Импорт кыскарганына байланыштуу кирешенин кыскаруусу Бажы биримдиги Бирдиктүү бажы тарифине өткөндөгү бажы алымдарынын ставкасын жогорулатуу менен кандайдыр бир өлчөмдө компенсацияланат.

3) Биз экономикалык жагдайдын өнүгүүсүнүн бир нече варианттарын карап жатабыз жана талдоо көрсөткөндөй, ИДПнын өсүү темпи волатилдүү б.а. өзгөрмөлүү болот. Бардыгы жүргүзүлүп жаткан ички экономикалык саясаттын жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна жараша ИДПнын өсүү темпинин төмөндөөсү сыяктуу эле, жогорулоосу дагы күтүлүүдө. Бардыгы ички экономикалык жана мамлекеттик башкаруу саясатынын жүргүзүлүшүнөн көз каранды.

ББнин өлкөлөрүндө эмгек акы Кыргыз Республикасына караганда бир топ жогору. Эмгек акынын эң жогорку деңгээли Россияда жана Казакстанда. Ошентип 2013-жылы Россияда эмгек акы 910,3 $, Казакстанда- 717,0 $, ал эми Кыргыз Республикасында - 230,3 $. Мындай чоң ажырым Кыргызстандын эмгек рыногунда терс кесепеттерге алып келет жана эмгек акы жана социалдык төлөмдөр жогору болгон ББнин өлкөлөрүнө миграциялык кетүүлөрдү көбөйтөт. Ошол эле мезгилде: инвестициялардын агып келүүсүнүн; жеңилдетилген «узак кредиттерди» пайдалануунун; жабдуунун лизингинин; кошумча жумуш орундарын түзүүнүн; соода агымдарынын өсүшүнүн эсебинен экономиканы өнүктүрүүдө оң тенденциялар камсыздалат, биздин жарандардын жашоо деңгээлинин жана жыргалчылыгынын өсүшү болот.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүү процессинин хронологиясы: 2012-жылдын апрелинде бул маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Жумушчу тобу түзүлгөн. 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык кеңештин жыйыны болуп өтүп, анын жүрүшүндө Жол картасы бекитилген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда евразиялык экономикалык интеграциялоо шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Бул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы 1 млрд. АКШ доллары капиталы менен эл аралык уюм формасында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондун түзүшүүдө, ал эки жылдын ичинде бирдей үлүштөр менен түзүлөт. Ошондой эле, россиялык тарап Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасынын иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн 2 жылдын ичинде 200 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кайтарымсыз негизде каражаттарды берүүнү камсыздайт.

Бажы биримдигинин мамлекет башчыларынын евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюшу Евразиялык экономикалык долбоордун тарыхында ушул иш-чаранын маанилүү окуясы болуп саналды, ал Бажы биримдигинин 2015-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштоого тийиш.

Үч мамлекет товарлардын, кызматтардын, капиталдардын эркин которуштуруусуна кепилдик берүү, экономиканын негизги тармактарында: энергетикада, өнөр жайда, айыл чарбасында, транспортто макулдашылган саясатты жүргүзүү милдеттерин алышты.

Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасын ишке ашырууну жүргүзүп жатабыз, анын алкагында 112 ченемдик укуктук актыга (38 мыйзамга, жана башка 74 ченемдик укуктук актыга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралууда.

Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасы товарлардын келип чыгуу маселелерин жөнгө салат, бул бажылык башкаруу, тарифтик- тарифтик эмес жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптар, техникалык регламенттер. Жумушчу күчтүн которушуу маселеси (эмгек миграциясы) Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин Макулдашуулары менен регламенттелет.

Интеграциялоо процессиндеги кийинки кадам биз үчүн Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу болуп саналат, мында эмгек миграциясынын, монополияга каршы мыйзамдардын, интеллектуалдык менчикти коргоонун, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун, макроэкономикалык саясаттын параметрлерин макулдашуунун, энергетика, өнөр жай, агро өнөр жай комплексинин, мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндө жана башка маселелерде өз ара аракеттенүүнүн маселелерин жөнгө салуучу дагы 18 макулдашуу.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын БЭМге кошулуу боюнча иш-чаралардын 115 пунктун камтыган 15 бөлүмдөн турган жол картасынын долбоору боюнча талкуу жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын ББге жана БЭМге (же евразиялык экономикалык биримдике) кошулуусу жөнүндө Келишимдин өткөөл жоболорун, аныкталган преференцияларды жана кошулуунун шарттарын камтый турган долбоору иштелип чыгат. Аталган документ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен милдеттүү жактырууну жана Президенттин кол коюшун кошо алганда бардык ички мамлекеттик жол-жоболордон өтөт.

М-вектор компаниясы менен калк арасында жүргүзгөн сурамжылоосу боюнча изилдөөнүн маалыматтарын көрсөтүп кетейин: Кыргыз Республикасынын калкынын 61,3% Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн демилгесин колдошот. Дагы 20,1% Бажы биримдигине кирүүсүнүн демилгесине терс мамилесин билдиришти, 3,4% такыр каршы экендигин билдиришет. Калганы жоопсуз. Кыргызстандын жашоочуларынын 56,4%, ББ-не киргенден кийин тамак-аш продуктылары кымбаттайт деп эсептешет. Калктын үчтөн көбүрөөгү, ББ-не киргенден кийин ББ-нин өлкө-катышуучуларында ишке орношуусу жана чыгуу процедуралары жөнөкөйлөштүрүлөт деп эсептешет. 16% коркунучту да, пайданы да көрбөйт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу