Экономика министрлигинде КР жана КЭР Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарынын автоунаа жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Протоколго кол коюлду.

Новости
28-Сентябрь 2014-ж.
2212
""
2014-жылдын 29-сентябрында КР Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарынын автоунаа жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколуна кол коюлду.

Бул протоколго КР Экономика министри Темир Сариев жана КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй мырза кол коюшту.

Кол коюнун жүрүшүндө белгиленгендей Бишкек шаарынын автоунаа жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча долбоорун ишке ашыруу боюнча 2013-жылдын 11-сентябрындагы технико-экономикалык кызматташтык жөнүндө КР Өкмөтүнүн жана КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге ылайык бул протокол төмөндөгүлөрдү камтыйт:

Аталган Протоколдун негизинде Бишкек шаарынын жалпы узундугу 7.44 км. болгон М.Ганди, Ж.Пудовкин жана М.Ауэзов көчөлөрүнүн участоктору (жолдун айланасындагы жерди, жолдун катмарын, суу өткөрбөй турган курулуштарын, жол белгилерин, жолдогу коопсуздукту сактай турган каражаттарды кошо) реконструкцияланат жана реабилитацияланат. Бул долбоордун жалпы суммасы 52,5 млн. кытай юанын түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу