Экономика министрлигинде ЕЭКтин жана КР министрликтеринин, ведомстволорунун өкүлдөрү менен КРдин БЭМге кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын (“Жол карта”) ишке ашыруу алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү боюнча кеңешмелер болуп өттү.

Новости
22-Сентябрь 2014-ж.
2107
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында бүгүн Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) жана КР министрликтеринин, ведомстволорунун өкүлдөрүнүн биринчи жумушчу жолугушуусу болуп өттү, анда Евразия экономикалык биримдигин түзүүнү эске алып Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) (Беларусь Республикасынын, Казакстан Респбуликасынын жана Россия Федерациясынын) кошулуу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү жана алар боюнча чечимдерди чыгаруу маселелери боюнча талкуулар болду.

Бул жумушчу жолугушуулар 2014-жылдын 22-сентябрынан 24-сентябрына чейин болуп, анда төмөндөгү 6 негизги маселе каралат:

1. Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин XIII Макроэкономикалык саясат” бөлүмүнүн негизги жобосу жөнүндө жана анын №14 тиркемеси.

2. 2014-2015-жылга Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке жана Бажы биримдигинин мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын жана аларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын негизги багыттарын Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырышы жөнүндө.

3. Мүчө мамлекеттердин социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн расмий божомолун иштеп чыгууда колдонгон тышкы мүнөздөгүчтүн интервалдык көлөмүнүн маанилерин макулдашуу тизмесин Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашыры жөнүндө.

4. Макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү максатныда Бажы биримдигинин, Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин жана Евразия экономикалык комиссиянын мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат менен алмашуу тизмесин Кыргыз Респуликасы тарабынан аткаруу процедурасы жөнүндө.

5. Экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктаган Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө методикасын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонуусу жөнүндө.

6. ББ жана БЭМ мүчө мамлекеттери тарабынан экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанисин жогорулаткан учурда экономикалык жагдайды турукташтырууга багытталган Чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибин аткарууда Кыргыз Республикасынын катышуусу жөнүндө.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө бул маселелерди талкуулоонуну жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу документти кабыл алуу үчүн сунуштарды жана пикирлерди иштеп бүтүшөт.

Бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын бардык кызыккан министрликтердин жана ведомстволордун эксперттери көрсөтүлдү. Ушул сыяктуу жолугушуулар бирдиктүү максаттарды терең түшүнүүгө, болгон маселелерди аныктоого жана аларды чечүүнүн механизмдерин иштеп чыгууга түрткү берет.

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу