Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондун түзүү жөнүндө

Новости
06-Июль 2022-ж.
2198

2022-жылдын 5-июлунан 6-июлуна чейин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын инвестициялык фондун түзүү боюнча жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында Стамбул шаарында жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жолугушуулары өтүүдө. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча ТМУнун Инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоону аяктоо пландаштырылууда.

Фонддун уставдык капиталы 350 миллион АКШ долларын түзөт, ал ТМУга мүчө мамлекеттер (Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Түркия Республикасы, Азербайжан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) тарабынан бирдей үлүштө түзүлөт. 

Бул Инвестициялык Фондду түзүүнүн максаты - аймактык ички сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо аркылуу ТМУ мүчө-мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов жетектеди.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча тараптар ушул Макулдашууга кол коюуга даярдык көрүү максатында мамлекеттик процедураларды жүргүзүү үчүн жиберилүүчү тийиштүү Макулдашуунун долбоорун иштеп чыгышат жана макулдашат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу