ДСУнун Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын делегациясы ДСУнун Сооданы жеңилдетүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушту

Новости
05-Июль 2022-ж.
1898

 2022-жылдын 1-июлунда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган делегация ДСУнун Катчылыгына жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө Соодага көмөктөшүү келишиминин планынын айрым пункттарын каржылоо үчүн долбоордук сунушту даярдоо аяктагандыгы тууралуу маалымат беришти. Өнүктүрүү программаларына жана бажылык жөнгө салуу тармагын өркүндөтүү концепциясына өзгөчө көңүл бурулат, мында товарлардын эл аралык соодасын камтыган кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү аспектине, ошондой эле чет элдик соода процессине катышкан түрдүү мамлекеттик органдардын ортосундагы иш-аракеттерди координациялоону күчөтүүгө басым жасалат. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жактырса, бул долбоорду ишке ашыруу бажы кызматынын потенциалын өнүктүрүү жана электрондук бажы декларациясы үчүн электрондук аянтчаны түзүү контекстинде улуттук бажы лабораториясын түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу