Көңүл буруңуздар: консультациялык жолугушуу өткөрүлөт

Новости
04-Июль 2022-ж.
1774


2022-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Чоң залында “жашыл” технологияларды жеткирүүчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен консультациялык жолугушуу өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана өндүрүлгөн жабдуулардын иштелип чыккан тизмегин, энергетикалык жана ресурстук натыйжалуулуктун стандарттарына жана талаптарына жооп берген технологияларды, алардын ТН ВЭД коддорун жана бул технологияларды кошумча нарк боюнча салыктан бошотуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жактыруусунан  кийин бекитүү үчүн техникалык шарттарды талкуулоо жана бекитүү болуп саналат.

Убактысы: 14:00дөн 15:30га чейин

Консультациялык жолугушуу Германия Эл аралык Кызматташтык Коомунун “Жашыл экономика жана Кыргызстандын жеке секторунун туруктуу өнүгүүсү” (GIZ) Кыргыз-Германия-Швейцария программасынын колдоосу менен «Жашыл Альянс KG» Юридикалык жактардын Ассоциациясы менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу