Экономика министри Т. Сариевдин АӨБ вице-президенти менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын жагдайын жана келечегин талкуулады.

Новости
15-Сентябрь 2014-ж.
2393
2014-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика министри Т. Сариев Азия ѳнүктүрүү банкынын (АӨБ) Вице-президенти Чжай Вэньцай мырза менен жолугушту. Бул жолугушууда Кыргыз Республикасы менен АӨБ ортосундагы кызматташуунун абалы жана анын келечеги тууралуу маселелер талкууга алынды. Ошондой эле, аймактык ѳнүгүү маселелери талкууланды.

Сүйлѳшүүнүн жүрүшүндө, министр Кыргыз Республикасынын экономикасынын ѳнүгүүсүндѳ АӨБдун маанилүү ролун белгилеп өттү, ошону менен катар Инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын, мамлекеттик жеке-ѳнѳктѳштүк механизмдерин жайылтуу, ошондой эле Экономика министрлиги тарабынан ишке ашып жаткан башка АӨБдун долбоорлорунун алкагында ийгиликтүү кызматташканын белгиледи.

Мындан сырткары министр, Борбордук-Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) боюнча регионалдык кызматташуусунун алкагында өз ара аракеттешүүнүн мындан ары ѳнүгүүсү зарыл болгонун белгилеп кетти. Акыркы жылдарда АӨБ ишинин эң негизги максаттарынын бири болуп регионалдык кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдетүү саналат. Бул БАРЭК Программасы транспорт, соодага кѳмѳк кѳрсѳтүү, соода саясаты жана энергетика тармактарынын ѳнүгүүсүнѳ натыйжалуу инструмент болуп эсептелет.

Өз кезегинде АӨБдун вице-президенти Ч. Вэньцай мырза АӨБ менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы жемиштүү болуп жатканын билдирди. Ал, АӨБ азыркы учурда транспорттук коридорлорду экономикалык коридорлорго айландыруу долбоорунун үстүндө иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымдады. Кыргыз Республикасында ишке ашып жаткан долбоорлор БАРЭК Программасынын приоритеттери менен туура келиши керек деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Белорусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу маселелер талкууга алынды.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар мындан аркы дагы жемиштүү жана натыйжалуу кызматташтыкка үмүттөрүн билдиришти.

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу