ЕАЭБ алкагында бажы кызматташтыгы жаатында бизнес коомчулук менен талкууланган маселелер

Новости
01-Июль 2022-ж.
1928

2022-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Чоң залында Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Максат Мамыткановдун катышуусунда мамлекеттик органдардын жана Комиссиянын бизнес-коомчулук менен бажы кызматташтыгы чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Бул жыйындын ишине мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда бир катар маселелер каралды, атап айтканда, төмөнкү маселелер талкууланды:

Бажы процесстерин санариптештирүүнүн түрлөрүнүн бири катары ташууларды көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу;

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн интернет-соодасы: өнүгүү перспективалары;

2015-жылдын 16-октябрындагы ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-беренесинин 10-пунктунда каралган товарларды эсепке алуу системасын макулдашуу жана Казакстан Республикасы ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына карата Казакстан Республикасы ДСУга кирүүнүн шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерине ылайык, ЕАЭБ ЕТТ боюнча (Бурабай протоколу) белгиленген ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларына салыштырмалуу төмөнкү импорттук бажы алымдарынын ставкалары колдонулат; 

Кыргыз Республикасынын аймагында ЕАЭБ бажы чек арасынын кыргыз-өзбек тилкесинде кошумча өткөрүү пункттарын ачуу маселеси;

Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор: ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүү практикасы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу