Министр Д. Амангелдиев Кыргыз Республикасынын бардык салык кызматкерлеринин кесиптик майрам күнү менен куттуктайт!

Новости
01-Июль 2022-ж.
2191

«Урматтуу салык кызматынын кызматкерлери,

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Салык кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Салык кызматы түзүлгөн жылдар ичинде салык төлөөчүлөр үчүн инновациялык чечимдер кеңири масштабда ишке ашырылып жаткан каржы системасынын туруктуу иштешин камсыз кылууда мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп калды.

Бүгүнкү күндө салык кызматы салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн инновациялык жаңы ыкмаларын активдүү киргизүүдө, салык процедураларын санариптештирүү алкагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

“Жалпы өлкөнүн өнүгүшү, анын стабилдүүлүгү, мамлекеттик жана социалдык программалардын аткарылышы сиздердин натыйжалуу жана сапаттуу ишиңиздерден көз каранды.

Биздин жалпы милдетибиз — ар бир сом салыкты мамлекеттик бюджетке алып келүү. Бул акча жарандарга пенсияларды жана пособиелерди төлөөгө, ошондой эле өлкөнүн эң алыскы аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү сыяктуу мамлекеттик маанилүү милдеттерди чечүүгө жумшалат.

Ушул майрамдык күнү чын дилимден бардык салык кызматынын жалпы жамаатына чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана өлкөнүн жыргалчылыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн ишиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм!”.


КР Экономика жана коммерция министри                   Д. Амангелдиев


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу