Экономика министри Т.Сариев баштаган расмий делегация Үрүмчү шаарында болуп жаткан “Кытай-Евразия-2014” 4-ЭКСПО эл аралык көргөзмөгө катышып жатат.

Новости
03-Сентябрь 2014-ж.
2245
""
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев баштаган Кыргызстандын расмий делегациясы Кытай-Евразия-2014” 4-ЭКСПОсунун ачылыш салтанаты менен Экономикалык өнүгүү Кытай-Евразия” кызматташтыгы” аттуу форумга катышып жатышат. Мамлекеттин делегациясынын курамын ата мекендик ишкерлер-тикмечилик өндүрүшү, кол өнөрчүлүк, маалымат кызматтарын көрсөтүү жана башка ар кыл тармактарда иштеген, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү түзүштү.

2014-жылдын 2-сентябрында КР Экономика министри Т.Сариев Кытай-Евразия” форумунда чыгып сүйлөп жатып бул эл аралык көргөзмө Жибек Жолунун боюндагы өлкөлөрдү ачык-айрымдуулукка жана кызматташууга кызыктырып, дилгир кылып жаткандыгын белгиледи. Дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн жана ар башка чөлкөмдөрдөн келишкен бизнес өкүлдөрүн катышууга ынтызар кылган бул ЭКСПО аймактык экономиканын жаңы кыймылдаткычы болуп калат.

Мындан сырткары бул Кытай-Евразия -2014” ЭКСПО байыркы Жибек Жолунун боюнда жайгашкан мамлекеттердин ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташтыкка көпүрө болуп чоң ролду ойнойт.

Белгилей кетсек, Ачык-айрымдуулук жана кызматташтык.Жибек Жолунун экономикалык жолун биргелешип куруу” аттуу ураандын алдындагы бул иш - чара Үрүмчү шаарында (Синьцзян Уйгур автономдук аймагы) 1-сентябрдан баштап 6-сентябрга чейин улантылат.

Мында күн тартибинен тышкары, туризмди, соодачылыкты жана маданиятты жайылтуу, өнүктүрүү, ошондой эле экономикага инвестицияларды тартуу боюнча да бир катар иш-чараларды өткөрүү болжолдонуп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу