Министрдин орун басары К.Абдрахманов Кытайдын КР элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолугушууда артыкчылыктуу долбоорлорду талкуулады

Новости
29-Июнь 2022-ж.
1869

КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Кытай Эл Республикасынын КР Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе мырза менен биринчи бетме-бет жолугушуу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылануучу “Чүй каналын айланып өтүүчү (АЧК-2) курулушу”, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3 фазасы)” жана "5 инженердик курулуштарды куруу (Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, I фаза)"сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлор боюнча маселелерди талкуулашты.  


Министрдин орун басары ошондой эле ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруунун жогорку маанисин жана зарылдыгын белгиледи.


Ли Юе мырза КЭР өкмөтү бул долбоорлордун Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн түшүнөрүн баса белгилеп, бул долбоорлорду алдыга жылдырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.


Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси COVID-19 коронавирустук пандемиядан улам көптөгөн долбоорлор кечеңдеп жатканын билдирди.


Мындан тышкары, кыргыз-кытай тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын пландалган 15-отурумун талкуулашты.


Ошондой эле, эки тараптын өкүлдөрү бири-бирин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттукташты.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу