Экономика министри Т. Сариев КР аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин баалоо боюнча маалымдап өттү.

Новости
18-Сентябрь 2014-ж.
2439
""
КР Экономика министри Темир Сариев 2014-жылдын I-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз ара башкаруу органдарынын ишин баалоо жөнүндө Өкмөттүн отурумунда айтып өттү.

Ошону менен бирге министр, бекитилген Методикага ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо төмөнкү көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринин базасында эсептелүүчү Баалоонун интегралдык көрсөткүчүнүн маанилерин аныктоонун негизинде жүргүзүлөөрүн билдирди, алар: базалык көрсөткүчтөрдү баалоо; вариативдик көрсөткүчтөрдү баалоо ; эл аралык рейтингдерин баалоо; "Калктын ишеним индекси".

Методикага ылайык: базалык көрсөткүчтөр Өкмөттүн программасын ишке ашыруу менен түз байланыштуу. Алар баалануучу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Өкмөт тарабынан ишке ашырылуучу бардык программаларды, анын ичинде улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууда кошкон салымын анык көрсөтүүгө тийиш. (мамлекеттик органдар үчүн коюлган базалык көрсөткүчтөр 4төн 12ге чейин); вариативдик көрсөткүчтөр мамлекеттик органдардын максаттары, милдеттери жана базалык функциялары менен түз байланышкан (мамлекеттик органдар үчүн вариативдик көрсөткүчтөр 7ден 15ке чейин түздү); калктын ишеним индекси калктын мамлекеттик органдарынан алган кызмат көрсөтүүлөргө канааттангандыгын баалоону чагылдырат. (Ар квартал сайын Улуттук статком тарабынан эсептелинет); эл аралык рейтинг бул эл аралык уюмдар тарабынан мамлекетибиздин белгилүү бир алкагынын ишкердигинин жетишкендигин баалоо. (Индекстери: Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, Бизнес жүргүзүү, Адамды өнүктүрүү, Экономикалык эркиндик, Коррупцияны кандай кабылдоо жөнүндө ж.б).

Мамлекеттик органдын жыйынтыктоочу баасын тик бурчтуу координатынын тутумуна эки геометриялык фигуранын аянттарынын катышы катары аныкталган интегралдык көрсөткүч чагылдырат. Төрт бурчтук түрүндөгү биринчи фигуранын аянты, 1 ге барабар болгон бириктирилген индекстин маанилерине ылайык келет. Экинчи фигуранын аянты отчёттук мезгилде түзүлгөн индекстин бириктирилген маанилерине ылайык келет. Ошентип, аткаруу бийлигинин органдарын тең салмактуу баалоо келип чыгат.

Кабыл алынган баалоонун бул модели тесттик сыноодон өтүп, жетишкендиктер менен катар жетишсиздиктер да табылды, ушуга байланышттуу аткаруу бийликтин ишин баалоодо айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү муктаждыгы келип чыкты. Тагыраак айтканда, базалык көрсөткүчтөрдү белгилөөдө терең жана так негиздөө, алардын сандык маанилерин Өкмөттүн Программаларынын жана Иш- чаралардын пландарын ишке ашыруунун максаттарына жана милдеттерине ылайык келтирилген.

Зарыл болгон чаралардын Планы: жетекчилердин докладтарын даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жооптуу кызматкерлерине кошумча сабактарды өткөрүү; мамлекеттик органдардын жарандык жана бизнес коомдору менен коммуникация механизмин күчөтүү (сайттар, ММИ, актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аянттар жана сунуштарды иштеп чыгуу); министрликтер менен ведомстволордун жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин караштырган бизнес процесстерди оптималдаштыруу боюнча иштерди, анын ичинде лицензиялык жана контролдук функцияларды күчөтүү. Бул коррупциялык тобокелдикти төмөндөтүп жана мамлекеттик органга болгон ишенимди жогорулатат; аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин аныктоо боюнча Типтүү анкетага, Калктын ишеним индекси” жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү; мамлекеттик жана жергиликтүү органдардагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке көз караштарына жана мамлекеттик жана муниципалдык органдарга болгон калктын жеке ишенимине тийиштүү болгон респонденттерге сурамжылоо өткөрүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу