Эки тармактык комитет ЕАЭБке кирүү алкагында мыйзам долбоорлорунун экинчи топтомун ЖКга кароого жөнөттү.

Новости
01-Декабрь 2014-ж.
2218
Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясаты, агрардык жана суу ресурстары, экология, регионалдык өнүктүрүү саясаты боюнча комитеттери 2-декабрда парламенттик уктуруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулууга байланышкан мыйзам долбоолордун топтомун ЖК экинчи окуусунда кароого жиберди.

Алар төмөндөгү мыйзам долбоорлору:

Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” (2014-жылдын 24-ноябрындагы №666 Өкмөттүн токтому);

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (2014-жылдын 24-ноябрындагы №667 Өкмөттүн токтому);

Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” (2014-жылдын 24-ноябрындагы №662 Өкмөттүн токтому);

Атмосфералык абааны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” (2014-жылдын 24-ноябрындагы №663 Өкмөттүн токтому);

Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” (2014-жылдын 24-ноябрындагы №664 Өкмөттүн токтому);

Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2014-жылдын 24-ноябрындагы №668 Өкмөттүн токтому);

Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” (2014-жылдын 24-ноябрындагы №669 Өкмөттүн токтому).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу