1-радио – түз эфир. Радиоугарман: “Адегенде мыйзамды иштетип көрөлү”

Новости
24-Июнь 2022-ж.
2004

Бүгүн, 2022-жылдын 24-июлунда эртен мененки саат 8.35 баштап Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев казино маселеси боюнча радиоугурмандардын суроолоруна бир саатка чукул жооп берди. Эл арасында кызыгууну, талкууну жараткан бул маселеге кайрыла турган болсок, “Кыргыз Республикасында оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишмердүүлүгү тууралуу” мыйзамдарына мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2022-жылдын 22-июнунда Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынды.


Бул мыйзам долбоору өзгөчө салык режимин орнотууну, оюн-зоок ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү, туризм индустриясын жана тейлөө секторун өнүктүрүүнү карайт. 


Түз эфирде министр Данияр Амангелдиевге суроо берген көпчүлүк  радиоугуучулар Жогорку Кенеште кабыл алынган мыйзам долбоорун колдой тургандыктарын билдиришти. Себеби бюджетке көбүрөөк акча түшүп, пенсия, пособияны көбүйтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт эле.


Бир радиоугарман министрге төмөнкүдөй суроо берди:”Биздин коомдо ар бир адам өз пикирин ачык-айкын айта алат. Ар кайсы сөздү сүйлөй бербей, адегенде мыйзамды иштетип көрбөйлүбү?”


Министр Данияр Амангелдиев суроого жооп берип жатып мындай деди: “Радиоугарман туура айтат. Мыйзамды иштетип көрөлү. Анткени мыйзамды иштетүүнүн бардык механизмдери бар. Президентибиз, Министрлер кабинетинин төрагасы бул мыйзамды өздөрү катуу көзөмөлгө алышат”.


Түз эфирдеги маекти 1-радионун Фейсбугунан тапсанар болот. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу