Экономика министрлигинде ата мекендик айыл чарба продукцияларын РФна экспорттоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Новости
20-Август 2014-ж.
2590

Бүгүн Экономика министрлигинин чоң залында экономика министри Темир Сариевдин жетекчилиги менен айыл чарба продукцияларын Россия Федерациясына экспорттоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Бул тегерек столдо Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Соода өкүлчүлүгүнүн, бизнес-коомдун өкүлдөрү, мындан сырткары Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр катышышты.

Тегерек столдун негизги максаты болуп Бажы биримдигинин мамлекеттерине ошону менен бирге Россия Федерациясына айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын күчөтүү, экспорттой турган продукциялардын жана иш каналардын тизмесин аныктоо, бул багыттагы мүмкүн болгон товарларды алып келүүдө жолтоолорду жана логистиканы жоготуу боюнча чараларды аныктап жана иштеп чыгуу саналат.

Россия Федерациясы Евробиримдик мамлекеттеринен, АКШдан, Автсралиядан, Канададан жана Норвегия Падышалыгынан айыл чарба продукцияларын (уй эти, чочко эти, жемиш-жашылча продукциясы, тоок эти, балык, сыр, сүт жана сүт продукциялары) алып кирүүгө тыю салды.

Тыюулар 7-августтан башталат жана ал бир жылга чейин созулат. Балдардын азыктарына арналган товарлардан сырткары бардык товарларга тыюу салынды.

Тыюу салынган товарлардын тизмеси:

1. Жаңы союлган же муздатылган бодо малдын эти;

2. Бодо малдын эти (тоңдурулган);

3. Жаңы союлган, муздатылган же тоңдурулган чочконун эти;

4. Үйдөгү тооктун эти жана азыктын субпродуктулары (жаңы союлган, муздатылган же тоңдурулган);

5. Туздалган, рассолдогу, катырылган же сүрсүгөн эт;

6. Балык жана рак сымалдуулар, моллюскалар жана башка суудагы омурткасыздар;

7. Сүт жана сүт азыктары;

8. Жер жемиштер (кызылча, сабиз, картошка ж.б.);

9. Жемиштер жана жаңгактар;

10. Колбаса жана ушул сыяктуу эттен жасалган продуктулар, субпродуктулар же кан, же ушулардын негизинде даярдалган азыктар;

11. Даяр продуктулар анын ичинде өсүмдүк майынын негизинде жасалган быштак жана сыр;

12. Тамак - аш продуктулары (курамында сүт бар, өсүмдүк майынын негизинде даярдалган продуктулар ).

Бул киргизилген санкциялар Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясын Россия Федерациясына экспорттоону жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Экспорттой турган товарлар:

Жер жемиштер (кызылча, сабиз, картошка ж.б.);

Жемиштер жана жаңгактар;

Сүт жана сүт азыктары;

Бодо малдын эти жана даяр эт продукциялары.

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу