Уруксаттардын бирдиктүү электрондук реестри мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы байланышты азайтат

Новости
24-Июнь 2022-ж.
2178

2022-жылдын 24-июнунда Хаят Ридженси мейманканасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Лицензиялар жана уруксаттар маалымат порталынын бет ачары болуп өттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө министр белгилегендей, бизнес-процесстердин глобалдык санариптештирүү жана интернет-технологиялардын тез өнүгүшү дүйнөлүк экономиканын дээрлик бардык тармактарынын өнүгүүсүнө өзгөрүүлөрдү алып келет.

Бул тенденцияларды эске алуу менен экономиканын ар кандай секторлоруна санариптик технологиялар киргизилүүдө, атап айтканда, электрондук коммерцияны өнүктүрүү платформалары, мамлекеттик кызматтарды автоматташтырылган форматка өткөрүү, бажы жана салык процедуралары, ошондой эле санариптик технологияларга өтүүдө.

Берилген платформа мамлекет менен бизнестин ортосундагы санариптик мамилелерге өтүү боюнча иштин маанилүү бөлүгүнүн бири болуп саналат.

Бул система Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) жана Бизнес ассоциациясы ЖИА менен өнөктөштүктө иштелип чыккан.

Уруксаттардын бирдиктүү электрондук реестри – бул уруксаттарды алуунун укуктук, процедуралык жана финансылык аспектилери боюнча толук маалыматты камтыган жалпыга маалымдоо базасы.

Башкача айтканда, бул Реестр уруксаттар жөнүндө толук маалыматты камтыйт жана жеке жана юридикалык жактарга бизнес жүргүзүүдө уруксат алуу үчүн эң кыска мөөнөттө онлайн режиминде керектүү маалыматтын максималдуу көлөмүн алууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы байланышты азайтат,-деп баса белгиледи министр.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министр Эл аралык финансы корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маниже айымга жана Бизнес ассоциациясынын ЖИА жетекчисине бул системаны өнүктүрүүдө биргелешкен иши жана жардамы үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирди.

Маалымат катары:

Бүгүнкү күндө Реестрде 160ка жакын уруксат кагаздары боюнча маалыматтар камтылган жана маалымат базасы толукталууда. Реестрдин иштешин камсыз кылуучу программалык продукт андан ары толук автоматташтырылган системага трансформациялоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен иштелип чыккан, башкача айтканда, арыз берүү, арызды иштеп чыгуу жана мамлекеттик орган тарабынан маалыматтарды чогултуу, документти талдоо, берүү.

Бүгүнкү бет ачар министрликтин Эл аралык каржы корпорациясы менен биргеликте жүргүзүп жаткан иштери тууралуу бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө маалымат берүү жана иштелип чыккан порталды жакшыртуу боюнча сунуштарды алуу максатында өткөрүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу