Министр Д. Амангельдиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
23-Июнь 2022-ж.
2053

«Урматтуу мамлекеттик кызматкерлерКымбаттуу кесиптештер!


Министрликтин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!


Азыркы шартта мамлекеттик кызматкерлердин ишинин маанилүүлүгүн жана өзгөчө коомдук ролун белгилеп кетпесе болбойтБелгилүү болгондой, алардын натыйжалуу ишинен, жогорку инсандык, моралдык сапатынан ар бир өлкөнүн келечеги жана ийгиликтүү өнүгүшү көз каранды


«Мамлекеттик башкаруу системасынын иштөөсүн камсыз кылууда   эмгекти сабаттуу уюштуруу , – бул татаал социалдык-прикладдык илим, мында кесипкөйлүүлүк, турмуштук тажрыйба жана новаторлук мамиле, чечимдер өтө маанилүү. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө түп-тамырынан бери реформалар турмуштубуздун ар бир   чөйрөсүндө жүргүзүлүүдө. Атаандаштык негизде ачык демократиялык конкурстарды жүргүзүү аркылуу мамлекеттик кызматкерлердин кадрдык курамы жаныланууда.


Мамлекеттик кызматка жаш келечектүү жаныча ой жүгүрткөн менеджерлерди тартуу боюнча өлкөнүн мамлекеттик кызматынын бардык системасын сапаттуу өзгөртүүгүгө комплекстүү мамиле жасалууда.


Биздин мамлекеттик кызматкерлер өлкөнүн өнүгүшү жана кайра жаралуусуна өздөрүнүн татыктуу салымын кошот деп ишенем. Анткени биздин мамлекет жана коомубуздун туруктуу өнүгүшү жана татыктуу жашоого багытталган жалпы улуттук долбоор жана программаларды ишке ашыруунун ийгилиги ар бирибизге көз каранды” , - деп баса белгиледи министр.


Ошондой эле мамлекеттик кызматтын ар бир ардагерине өзгөчө алкыш сөздөрдү айтып кетмекчимин.


Кымбаттуу кесиптештер, сиздерге чын жүрөктөн чын ден соолук, ынтымак, береке жана кесиптик чеберчилигинерди жогорулатууда ийгиликтерди каалаймын».




КР Экономика жана коммерция

министри                                                                                                                   Д. Амангелдиев                                             


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу