Кожомкул атындагы спорт сарайында КЭР экспорттук товарларынын жарманке – көргөзмөсү болуп өттү.

Новости
20-Август 2014-ж.
2290

2014-жылдын 17-августунда Кожомкул атындагы спорт сарайында Кытай Эл Республикасынын экспорттук товарларынын жарманке-көргөзмөсүн ачуу аземи болуп өттү. Ачуу аземинде КР Экономика министри Темир Сариев, КР Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, СУАРдын соода департаментинин мүдүрүнүн орун басары Ли Жиенжие, КЭР СУАРдын кыргыз автономдук облусунун Кызыл Суу Эл Өкмөтүнүн өкүлдөрү, КР министрликтеринин, ведомстволорунун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын жана КЭРдин бизнес-коомунун өкүлдөрү катышышты.

Жарманке-көргөзмөнү КР Экономика министрлиги, КЭРдин Синьцзян-Уйгур Автономдук районунун Коммерция департаменти, КЭР СУАРдын кыргыз автономдук облусунун Кызыл Суу Эл Өкмөтү уюштурушту.

Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын 17-августунда Экономика министрлигинде бизнес форум болуп өттү. Ага КР ЭМ Аймактар аралык башкармалыгынын начальниги З. Жумалиев, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айылдык аймактардын өкүлдөрү КЭР мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын бизнес коому катышышты. Бул бизнес форумда эки тараптуу соода-экономикалык өнүгүү маселелери талкууга алынды.

КЭРдин экспорттук товарларынын жарманке-көргөзмөсү 2014-жылдын 17-августунан 19-августуна чейин Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлдү.

""

























""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу