Москва шаарында Евразия Экономикалык Комиссиянын Кеңешмесинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Новости
18-Август 2014-ж.
2245

2014-жылдын 15-августунда Москва шаарында Евразия Экономикалык Комиссиясынын Кеңешмесинин кезектеги отуруму болуп өттү, ал Россиянын, Казакстандын, Белорусиянын биринчи вице-премьер-министрлеринин дегээлинде болуп, ага Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данил Ибраев катышып келди.

Отурум Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары И. Шуваловдун жетекчилиги менен өттү, ага ЕврАзЭС, ББ, ЕЭП алкагында тышкы экономикалык иштер маселеси боюнча Беларусь Республикасынын премьер – министринин орун басары Сергей Румас, Казактсан Республикасынын премьер –министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) катышышты.

Бул отурумда Евразиядагы интеграциялык процесстин мындан аркы өнүгүүсү боюнча маселе каралган. Күн тартибинен тышкары, кыргыз тараптын демилгеси боюнча Евразия экономикалык комиссиясына жана үч өлкөнүн (Россия, Казакстан, Белорусия) өкмөттөрүнө карата Кыргызстандын айыл чарба жана жеңил өнөр жай продукцияларын илгерилетүү, сатууа көмөктөшүү тууралуу кайрылуу жасады (Д.Ибраевдин ЕЭК отурумундагы чыгып сүйлөгөн сөзү).

Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын көпчүлүк региондорунда эпизоотикалык кырдаал жакшы экендигин эске алып, Россия жана Казакстан тараптан Кыргызстандын мал чарба продукцияларына киргизилген тыюларды алып салуу, биздин айыл чарба продукцияларыбызды экспорттоодо бажы жол-жоболорунан өтүү үчүн жашыл өткөөл” уюштуруу, Бажы биримдигинин территориясындагы транзиттик өткөөлдөрдөн тоскоолдуксуз өткөрүүгө жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү үч өлкөнүн рыноктору, тармактык супермаркеттери менен түздөн-түз байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү зарылчылыгы айтылды.

Кайрылуунун жыйынтыгында Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигине Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Россияга экспорттоого, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Россиянын соода тармактарына, рынокторуна чыгуусуна шарттарды түзүү, кыргыз эт - сүт продукцияларын киргизүүгө уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн кошумча караштыруу боюнча тапшырмалар берилди.

И.Шувалов өз сөзүндө Биз Кыргызстандын жашылча-жемиштерин Россияга киргизүүгө байланышкан бардык тыюларды алып салабыз. Эгерде негизсиз тоскоолдуктар болсо мага кайрылыңыздар, көмөктөшөбүз” – деди.

Азыркы учурда Экономика министрлиги республиканын Айыл чарба жана мелиорация, Транспорт жана коммуникациялар министрликтеринин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, региондордун, ошондой эле айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчүлөрдүн, жеңил өнөр жай өндүрүүчүлөр ассоциацияларынын иш-аракеттерин бириктирип, чыңдоо багытындагы иштерди баштады.

Үстүбүздөгү жылдын 21 –августунда саат 15:00 Россия Федерациясына продукцияны экспорттоону тактоо, талкуулоо боюнча кеңейтилген тегерек стол өткөрүлөт. Бардык каалоочуларды чакырабыз.

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу