Министрликтин кызматкерлери КР кудуретсиздикти жоюу режимин диагностикалоо боюнча корутундулар менен таанышты

Новости
21-Июнь 2022-ж.
1732

2022-жылдын 20-21-июнунда Бишкекте Дүйнөлүк банк Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен Экономика жана коммерция министрлиги жана Улуттук банк менен биргеликте уюштурган “КР көйгөйлүү кредиттерди чечүүнүн ченемдик-укуктук аспектилери” деген темада семинар болуп өттү.


Семинардын катышуучуларына – министрликтин борбордук аппаратынын жана ЭКМ алдындагы Банкроттук департаментинин кызматкерлерине Дүйнөлүк банк тобу (ДБТ) тарабынан жүргүзүлгөн 2021-жылы КР кудуретсиздик режимин диагностикалоо боюнча отчеттун корутундулары жана сунуштары сунушталды. 


Бул Отчет эл аралык стандарттарга жана ийгиликтүү тажрыйбага негизделген максаттуу сунуштарды сунуштайт, алар КР кудуретсиздик режиминин орун алган көйгөйлөрү менен байланышкан укуктук жана институционалдык милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет.


Ошондой эле КР банкроттук системасынын учурдагы абалы боюнча презентация тартууланды.


ДБТнын Финансы секторунун улук адиси Э.Тодороки мырза жетектеген ДБТ миссиясынын жүрүшүндө банкроттуктарды чечүү системасын реформалоо боюнча министрликтин келечектеги пландары талкууланды. Атап айтканда, ДБТнын өкүлдөрү жогоруда аталган маселе боюнча консультациялык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу